Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгү

Get Adobe Flash player

Фото-ТТК

Койчуманов Тынчтыкбек Төлөнбаевич
- «Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгүн изилдөөчү борбор» деген коомдук фонддун директири, «Жоготулган ойлор» деген Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгү жөнүндөгү китептин кол жазмасынын автору.

 

 

Купедеги сүйлөшүүлөр

Аңгеме

Купедеги жымжырттыкты аял кишинин үнү бузду.

- Вагондун ичи суук экен, от жагышкан эмес окшойт – деди поездге жаңыдан кирген аял киши.

Эртеден бери купеде унчугушпай келе жатышкан жүргүнчүлөр аял кишинин үнү чыккан жакка баштарын буруп карашты. Алар вагонго жаңыдан кирген, сырткы келбети жагымдуу жаш орус келинди көрүштү. Жаңыдан кирген жаш орус келиндин башында баш кийими жок, үстүнө жеңил пальто кийип, оозун кыпкызыл кылып боёп алыптыр.

- Темир жолдун жетекчилери бул поездин жүрүшүн таптакыр токтотот имиш деген сөздөр болуп жатат – деди беттеринде көп бырышы бар, жасалма кездемелерден тигилген эски кийимдерди кийген, улгайган орус киши.

- Анда биз жумушка кантип жетебиз? – деп таң кала сурады жаңыдан келген жаш орус келин.

- Автобус менен! – деп сырдуу жылмайып жооп берди улгайган орус киши.

- Эгерде Бишкек шаарына биз Маловодная айылынан автобус менен бара турган болсок, анда биз жумушка таптакыр кечигебиз – деди жаш орус келин абдан капаланып.

- Автобус менен шаарга сүт алып барып өткөзө турган болсок, бизге сүттөн пайда түшпөй калат. Автобуска кетирген биздин чыгымдарыбыз сүттүн наркын көтөрөт. Шаардыктар бизден сүт албай коюшат. Жүргүнчүлөрү үстөкө-босток болгон автобус менен шаарга жеткенче, автобустун ичиндеги ыссыктан биз сата турган сүттүн сапаты бузулат – деп кошумчалады, поездин жүрүшү токтойт имиш деген сөздөрдү уккандан бери эс-учун жыялбай отурган кыргыз аял.

- Поездин жүрүшүн эч ким токтотпойт! Жүргүнчүлөрдү ташуучу ушул жалгыз поезд, Чүй өрөнүнүн батыш тарабында жайгашкан кыргызстандын калкын тейлегени баарына маалым. Ак үйдө да, өкмөттүн курамында да бизге окшогон адамдар отурушат. «Бишкек Мерке» каттамындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу ушул жалгыз поездин жүрүшүн токтотууга, өкмөттөгүлөр Транспорт жана коммуникация министирлигине жол беришпейт – деп сөзгө аралашты кыргыз улутундагы курсактуу эркек киши. Бул курсактуу эркек кишинин сырткы келбетинен, анын пенсияга чыгышынааз калгандыгын жана чоң мекемеде иштерин баамдоого болот.

Улгайган орус киши курсактуу эркек кишинин айткандарына макул болгон жок. Ал жүзүндө сырдуу жылмаюну кармап, купедеги сүйлөшүүнү кайрадан улантууга аракет жасады:

- Кептин баары өкүмөттөгү кишилер эл үчүн иштебестен, өздөрүнүн жыргалчылыгы үчүн өкмөттүн курамында «отурушкандыгында» болуп жатпайбы. «Бишкек Каинда» каттамындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу поезд бар эмес беле, ал поезд да калктын жакыр бөлүгүн тейлөөчү эле. Ал поездин жүрүмү токтоордун алдында да азыркыдай имиштер айтылган болучу. Анда да поезде иштеген жолшериктер күнүмдүк түшкөн акчаларын ушинтип кагаз бетине жазып турушкан (ал башын буруп, вагондун капталындагы орунда отуруп, кагазга бир нерселерди жазып жаткан поездин жолшеригин көрсөттү). «Бишкек Каинда» каттамындагы поездди пайдалануу максатка ылайыксыз деген негиздеме-катты темир жолдун жетекчилери Транспорт жана коммуникация министрлигине жөнөтүшкөн. А министрлик болсо тийиштүү Өкмөттүн чечиминин долбоорун даярдап, ага мамлекеттик органдардын макулдугун алып, анан Өкмөттүн кароосуна жөнөткөн. Өкмөттөн болсо темир жолдун жетекчилерине «Бишкек Каинда» каттамында жүргөн поездин жүрүшүн токтотууга уруксат берген документти алган.

Ал «Бишкек Каинда» каттамында жүргөн поездин жүрүшүн токтотоордун алдында, ошол токтотулган поездин эмгекчил тобун темир жолдун жетекчиси өз иш бөлмөсүнө чогултуп алып, аларга: «Бул поездин жүрүшүнөн бир айда түшө турган акчаны, мен комерсанттардын бир ирет өз жүктөрүн ташып алуусунан эле таап алам» деп айтыптыр.

Анан эмгекчил топко жылмайая карап: «Өзүм да ар дайым акчалуу болуп жүрөм»- деп кошумчалаптыр.

Купедеги сүйлөшүүлөргө поездин жолшериги кошулду. Ал мындай деди:

- Жүргүнчүлөрдү ташуучу бул поездин жүрүшүн токтотот деген сөздөрдүн башталгандыгы ырас, бирок аягы эмне менен бүтөрү мага да белгисиз. Чын-чынына келгенде, калктын жакыр бөлүгүнүн түйшүгүнө чоңдордун башы ооручу беле.

-А силер, поезде жолшерик болуп иштегендер, өзүңөр акчаларды кымтып калбастан, бардык түшкөн акчаны кассага тапшырбайсыңарбы! – деди сырткы келбети жагымдуу жаш орус келин, ал ызырынып, өзүндөгү болгон агрессивдүү энергияны жолшерикке карай багыттады.

- Биз болгон акчаны кассага эле төгөбүз, бирок жол акысы төлөнгөн белеттери бар же акысыз жүрүүгө укук берген күбөлүктөрү бар жүргүнчүлөр абдан көп – деп камырабай жооп берди поездин жолшериги.

Эртеден бери көзүн жумуп келе жаткан, айылдыктарча жупуну кийинген, андан ичимдиктин жыты келген орто жаштагы кыргыз улутундагы жүргүнчү көзүн ачып, купедеги сүйлөшүүлөргө кошулду.

- Ушул поездин жүрүшүн токтотуп эле көрүшсүнчү. Анда шаар четиндеги бардык поезд токтоочу жайларга Россия тарапка кетүүчү поездердин токтошу жөнүндө буйрук чыгарууга темир жол жетекчилерин мен аргасыз кылам. «Шалта» деген поезд токтоочу жай мурда болгон эмес, азыр «Шалта» деген поезд токтоочу жай бар, ал жерде поезд токтойт. «Шалта» деген поезд токтоочу жайды ачууга буйрукту мен чыгарткамын – дедикөзүн жумуп келе жаткан жүргүнчү.

Улгайган орус киши кайрадан сырдуу жылмайды. Купедеги сүйлөшүүлөрдүн уланышына ал кайрадан демилгечи болуп, төмөнкүлөрдү айтты:

- Албетте, алыска кетүүчү поездерди шаар четиндеги ар бир поезд токтоочу жайга токтотууга болот. Анда «Шалта» деген поезд токтоочу жайга жетиш үчүн доллардын бүгүнкү наркы менен алганда 125 сом төлөшкө туура келет, азыр болсо сиз 5 сом эле төлөйсүз. Алыска кетүүчү поездерде жүрүү акысы, доллардын нагыз наркы жана эл аралык стандартка туура келген тейлөөнүн деңгели менен аныкталат.

- Жакырчылыкта жашаган кишилердин түйшүгү өкмөттү кызыктырбайт, бул чындык. Кыргызстан калкы жагынан алганда кичинекей көз карандысыз мамлекет. Карызга алынган 2 миллиард долларды, өндүрүштүн негизги түрлөрүн иштетүүгө сарптаса болот эле го. Эки миллиард доллар деген- бул кичинекей Кыргызстан өлкөсү үчүн өто чоң акча да. Биздин чоңдорубуз болсо карызга келген бул акчаларды кымтып алышты– деди ойго баткан абалда поездин жолшериги.

Улгайган орус киши кайрадан сырдуу жылмайды. Ал купедеги жүргүнчүлөргө карызга акча берүүнүн өзгөчөлүгүн айтып берди:

- Менин кымбаттуум! Карызга акча бир нече бөлүккө бөлүнүп берилет, анткени карызга акча берүүчүнүн жекече өз максаты бар болот. Өлкөнүн өндүрүштүк түзүлүштөрүн, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият системаларын жана тейлөөнүн бардык түрлөрүн таптакыр бузуш үчүн атайын акча сарптала. Алгачкы акчалар карызга пайызы жок берилет же өтө төмөнкү пайыз менен берилет.

Бузуу процесстердин жүрүшүнө карызга акча берүүчү жак катуу көзөмөл жүргүзөт. Максаты ишке ашкандан кийин, тактап айтканда, эл чарбасынын системалары таптакыр бузулгандан кийин, карызга акча берүүнүн экинчи бөлүгүн баштайт. Карызга акча берүүчү жак бузулган эл чарбасынын системаларын калыбына келтириш үчүн же системалардын жаңы түрүн орнотуш үчүн, карызга акчаны акчалай же товар түрүндө берет. Карызга акча берүүнүн экинчи бөлүгү чоң пайыз менен берилет, ал пайыздын ичинде, биринчи бөлүктөгү берилген акчалардан алынбай калган пайыздык акчалар да эсепке кошулат. Кишилердин массалык аң-сезимдерин ийгиликтүү башкарыш үчүн, карызга акча берүүчү жак калктын көпчүлүк бөлүгүнө түшүнүксүз болгон сөздөрдү колдонушат. Мисалы, «реформа», «матрица» жана ушул сыяктуулар.

Карыз алуу үчүн, карыз ала турган өлкө күрөөгө бир нерсесин сөзсүз түрдө коюшу керек болот. Башкача болушу мүмкүн эмес. Карызга акча берген жак өзүндө жоготуу болушуна жол бербейт, карызга акча берген жак көп акча кайрып алышы керек, карызга акча берген жак сөзсүз байышы керек.

Кайра-кайра карызга акча алып жашоого болбойт, тиленчилик менен турмуш-шарты жакшыртууга таптакыр мүмкүн эмес, эртеби-кечпи карызды кайтарып бериш керек болот жана банк аркылуу келген счётторду төлөөгө туура келет. Бул мыйзам болот жана мындай мыйзамдан качып кутула албайсың.

Карыз алган жак жакырлана берет жана көп нерсесин жоготот. Көп нерсесин жоготоорунда шек жок, бирок, баардыгын жоготпойт. Ар бир кишиде Чыныгы Рух5 (Глоссарийди кара) деген бар. Чыныгы Рухтун абалы өйдө көтөрүлүшү үчүн, элдин өнүгүп-өсүү процессинин кээ бир бөлүгүндө, ушундай көрүнүштүн болушу да зарыл болот. Ар бир кишиде Бириккен энергетикалык дене8 деген бар.Кишилердин Бириккен энергетикалык денеси кичирейет, бириккен энергетикалык денени каптап турган материя да кичирейет, чыныгы Рух байыйт. Эч нерсе жоголбойт, бар болгону энергиялардын бир абалдан экинчи абалга өтүү кыймылы болуп өтөт. Ошондо кишилердеги чыныгы Рух жандана баштайт.

- Биздин «Азаттык»-ка кайрылганыбыз туура болоор? – деп шаарга сүт ташыган аял купедеги жүргүнчүлөргө суроолуу карады. Эртеден бери бул аял тынбай ойлонуп, ушул туюкка такалган абалдан чыгыш үчүн, мындан түзүк ой таба албады окшойт.

- Башка массалык маалымат каражаттарына деле кайрылса болот, бирок алардын ичинен эң күчтүүсү «Азаттык» радиоуктуруусу экенинде шек жок – деп курсактуу эркек киши сүт ташыган аялды колдоду. Өзүнүн бул маселеден кабардар экенин көрсөтүш үчүн, курсактуу эркек киши төмөнкүлөрдү кошумчалады:

- «Азаттык»-тын кабарчыларына бардык мамлекеттик бийлик бутактардын эшиктери ар дайым ачык, аларга калктын бардык катмарына да жол ачык. Алар түрмөдө жаткан Феликс Куловко да суроо беришип, суроолоруна жооп алышты. Азыр алар абдан кызыктуу жана ар түрдүү маалыматтарды элге жеткирип турушат.

Курсактуу кишинин сөзүн улгайган орус киши улантты. Ал кайрадан сырдуу жылмайып, купедеги жүргүнчүлөрго башкачаланган сөздөрдү колдонуп төмөнкүлөрдү айтты:

- «Азаттык» радиосун алып баруучулар болсо, бул радиоуктуруу Америкадан башкарыларын жана радиоуктуруу Америка Кошмо Штаттарынын кызыкчылыгын көздөөрүн радио угуучуларга күндө айтып турууну унутушпайт. Кыргызстан үчүн Америка чоң карыз берүүчү өлкө болуп саналат. Акчага муктаж болгон өлкө, көз каранды өлкө болот, ушул себептүү өз элинин укугу басмырланып жатса да, карыз берген өлкөнүн өкүлдөрүнүн укугуна чек койбойт. Эл арасында: «Акча төлөгөн жак, өзү каалаган музыканы угат» дейт эмеспи. Бирок, ушул айткандарым, кишилер үчүн эң негизги эмес.

Кишилер үчүн эң негизгиси күчтөрдүн орун алган тепкич баскычтары2 болот. Күчтөрдүн орун алган тепкич баскычтары2 болсо Жарык күчтөрдүн орун алган тепкич баскычтары жана Караңгы күчтөрдүн орун алган тепкич баскычтары болуп бөлүнөт. Кишинин жаны13 ушул күчтөрдүн орун алган тепкич баскычтарынын бирөөнө кызмат кылат, бир эле убакта эки күчтөрдүн орун алган тепкич баскычтарына бирдей кызмат кылуу мүмкүн эмес. Киши өз жашоосунун биринчи бөлүгүн Караңгылыкты тейлеген күчтөрдүн мыйзамдары менен жашаса, экинчи бөлүгүн Жарыкты тейлеген күчтөрдүн мыйзамдары менен жашаганга жол берилет.

Мамлекет башчылары да ушул күчтөрдүн орун алган тепкич баскычтарынын бирөөсүнө кызмат кылышат. «Күн жарыгын бардыгына тегиз тийгизет» деген тиричиликти жараткан Кудайга тиешелүү ой-түшүнүк бар. Мамлекет башчылары: «Мамлекеттик жашырын сыр», «Жашырын сунуштар» деген сөздөрдү колдонуп аракет жасашса, анда алар өз элине чындыкты жашырышкан болот. Алар тиричиликти жараткан Кудайдын: «Күн жарыгын бардыгына тегиз тийгизет» деген ой-түшүнүгүн бузушкан болушат. Өзүңөр эле ой жүгүртүп көргүлөчү, өз элинен жашыра турган мамлекетте кандай «жашырын сыр» болушу мүмкүн?

Кишилердин материалдык эмес көрүнүшүндө, Караңгылыкты тейлеген күчтөрдүн механизмдеринде, азыр Жарыкты тейлеген күчтөр айрым оңдоолорду жүргүзүп жатышат. Ал оңдоолор, материалдык көрүнүшкө өткөн кезде, ошондо оңдоодон өткөн механизмдер Жарыкты тейлеген күчтөрдүн орун алган тепкич баскычтарына кызмат кыла башташат.

«Азаттык» радиосун алып баруучулар элге «маалымат3» беришпейт, алар болгону Америка Кошмо Штаттарынын кызыкчылыгына каршы келбеген аракеттер тууралуу элге кабарлашат. «Маалымат» деген сөздүн мааниси таптакыр башкача болот. Маалымат деген кишилерге жерден тышкаркы аң-сезимдерге тиешелүү билимдерди берилиши болот. Эгерде Кылдат дүйнөдөгү энергетикалык нерселерге тиешелүү билимдер кишилерге берилсе, ошондо кишилер маалымат алышкан болот.

Феликс Кулов башка кишилерден өзгчөлөнбөйт, ал дагы өзүнүн жасалма рухуна4 өтө көз каранды киши. Анын жаны13 Караңгылыкты тейлеген күчтөрдүн желесинен бошонууга аракет кылып жатат. Бирок, кишинин жасалма руху кызмат кылган күчтөрдүн орун алган тепкич баскычтары, анын ичине Феликс Куловдун жасалма руху кошулуп, Феликс Куловко аң-сезимдүү7 тиричиликтин түбүн көздөй ой жүгүртүүгө катуу тоскоолдук кылып жатышат. Тактап айтканда, Феликс Кулов ар бир кишиде жашаган, анын физикалык көзүнө көрүнбөгөн материалдык эмес көрүнүшүндө жана башка ченеминде турган Кудайдын бөлүкчөсү тууралуу ой жүгүртпөйт; Кудай менен кишинин (Кудайдын баласынын) ортосунда болгон өз ара мамиленин бурмалангандыгы жана кишинин жаны менен Жердин жанынын түздөн-түз байланышы бардыгы тууралуу да ой жүгүртпөйт; кишинин милдети жана жандын өз башаатына умтулуусу тууралуу да ой жүгүртпөйт; кишиде күнөөтүйүндөр12 болоорун жана ал күнтүйүндөрдү чечүү зарылдыгы тууралуу да ой жүгүртпөйт.

Түрмө кишиге атайын берилет, киши мурунку жашоолорунан келе жаткан жана азыркы жашоосунда пайда болгон өз күнөөтүйүндөрүн чечсин деп; киши өз жашоо-мүнөзүнүн жана жүрүм-турумунун үстүнөн ой жүгүртсүн деп; киши өз ойлорун тиричиликти жараткан Кудайдын ой-түшүнүктөрү менен салыштырсын деп; кишидеги чыныгы Рух ойгонсун деп. Киши өзүндөгү Кудайдын бир бөлүкчөсү менен байланыша албайт, эгерде кишинин ойлору таза болбосо жана тиричиликти жараткан Кудайдын тирүү жандуу жараткандарын ал бузуп-талкалаганды уланта берсе.

- Биздин үй-бүлө сүттөн түшкөн акча менен оокат кылат. Эми биз кантип жашайбыз? Иштейин десең, эч жерде иш жок. Мурдагы колхоздор менен совхоздор бузулуп, жок болгон. Жыл өткөн сайын тамак-азыктардын баасы өсүп эле баратат. Эптеп бала-чакасын багыш үчүн, жай мезгилинде кыргыздар өз жеринде дунгандар менен каристерге малай болуп иштөгө мажбур болушууда. Базарларды болсо түштүктөн келген кыргыздар ээлеп алышты. «Жумушкүчтөрү» сатылчу жерлерден болсо кебетеси кеткен, сакалдары өскөн, көздөрүндө жашоонун оту өчө баштаган эркектердин тобун көрөсүң. Өкмөт жакында электр тогуна бааны дагы көтөрөт деген имиш бар. Анда кайрадан бардык нерселердин баасы өсөт… Эмне деген жашоо башталды? Мурдагыдай болуп биз качан жакшы жашайбыз? – деди шаарга сүт өткөрүүчү аял абдан ызаланып. Улгайган орус киши айткандардын жарымын бул аял киши уккан жок. Анкени, бул аялдагы жасалма рух алардын турмуш-оокаты начарлашы тууралуу ар кандай ойлорду бере берип, андагы коркуу сезимди күчөттү. Бул аялдын жасалма руху аны жакшылыктын жышааны жок бурчка такап койду.

Купедеги сүйлөшүүлөргө дагы бир жүргүнчү кошулду. Сырткы кебетеси боюнча бул киши Орто-Азиянын түштүгүнөн болот, анын беттеринде жана ээгинде жаңыдан өсүп келе жаткан кара сакалы бар. Улгайган орус кишини ачууланган көздөрү менен карап, ал төмөнкүлөрдү айтты:

- Дүйнө жүзүн качан сакалчан мусулмандар башкара баштаганда, ошондо кишилердин жашоо-шарты жакшырат деп Куранда айтылган. Жер бетинде жашаган бардык кишилер мусулман динин кабыл кылышы керек. Кишилердин бардыгы шарияттын талабы менен жашашы керек. Каапырларды өлтүрүш керек. Бардык мамлекеттерде халифаттык башкаруу орнотулушу керек. Алла-таала ушуну каалайт. Биз жеңебиз, анткени бизге Алла-таала өзү жардам берет. Ал жалгыз, Ал төрөлгөн эмес жана өзү да төрөбөдү, дүйндө Ага теңдеш эч ким жок. Мухаммед пайгамбар болсо Анын жалгыз өкүлү болот, ал акыркы пайгамбар болгон, андан кийин пайгамбарлар болгон эмес жана болбойт дагы.

Улгайган орус киши бир азга ойлонуп калды. Арадан бир аз убакыт өткөндөн кийин ал сакалчан кишиге тигиле карады. Анан сырдуу жылмайган абалын бузбастан, улгайган орус киши дагы башкачаланган сөздөрдү колдонуп сүйлөдү:

- Кишилердин Кудайды таанып-билиши бардыгына белгилүү болгон Кудайдан келген (Ыйык) китептер аркылуу жүргүзүлөт. Бирок, бул Ыйык китептерде маалымат3 өтө кысылган түрдө берилет. Берилген маалыматты туура түшүнүш үчүн, кишиден аң-сезимдүү7 тиричиликтин түбүн көздөй ой жүгүртүү талап кылынат. Кишинин аң-сезимдүү7 тиричиликтин түбүн көздөй ой жүгүртүүсү, анын денесиндеги термелүүнүн абалын өзгөртөт. Мындай ой жүгүртүү кишиден курмандыкты талап кылат. Курмандык материалдык эмес болушу керек. Тактап айтканда, киши өз жасалма рухунун4 муктаждыктарын курмандыкка чалышы керек. Мындай аракеттерди жасоо кишиден өз эркинин боштондугуна жана аракеттерди жасоо боштондугуна ээ болууну талап кылат. Эгерде киши курмандыкка Кудай тирүү жандуу кылып жараткандарды өлтүрсө, андай кишинин курмандыгы материалдуу болот. Кудайга материалдуу курмандык чалган киши аң-сезимдүү7 тиричиликтин түбүн көздөй ой жүгүртө албайт, анткени андай киши боштондукка ээ эмес.

«Ааламда бир эле Кудай бар – ал «Алла-таала», андан башка Кудай жок» деген догма өзү тууралуу өзү эле айтып турат. Мындай догмаларды жактагандар «Кудай» деген сөздүн маанисин туура түшүнүшпөйт жана Ыйык китептердеги жоболордун үстүнөн өздөрү терең ой жүгүртүшкөн эмес. Куранда болсо адамзатка кайрылуу көпчүлүк түрдө экенин Куран китебин окугандарга белгилүү. Башка Ыйык китептерде: «же асманда, же жерде Кудайлар деп аталгандар бар– анткени көп Кудайлар бар жана көп Теңирлер бар» деп жазылган. Бул маалыматтар терең ой жүгүртүүнү жана Кудайдын мыйзамдарындагы жоболордун маанисин туура түшүнүүнү талап кылат.

Бардык кишилердин үстүнөн бийлик жүргүзүүгө аракет кылып жаткан күч бар экенин Жер планетасында жашаган кишилер билиши зарыл. Ал күч дүйнө жүзүндөгү бардык акчалардын кымылына көзөмөл жүргүзүп турат. Ал күч өз денеси менен катышпай туруп эле, дүйнө жүзүндөгү өлкө башчыларды башкарып турат. Ал күч адамзаттын өнүгүү багытын аныктап турат.

Бул күч азыркы колдонулуп жаткан Ыйык китептердин маңызын да кишилердин аракети менен бурмалап салган. Бул күч дүйнө жүзүндөгү кишилерди мусулмандар жана мусулман эместер деп экиге бөлүп койду. Бул күч мусулман эместерди өтө күчтүү согуш техникасы менен камсыздаса, мусулмандарды «жан кечтилер» менен камсыздады.

Бул күч Ислам динине Кудайды таанып-билүүнүн кош түрүн киргизди. Исламдын бир түрүндө кишини (Кудайдын баласын) өлтүрүү күнөө деп мусулмандар башка диндер сыяктуу эле Кудайды таанып-билишет. Исламдын экинчи түрүндө: «Алла-тааланын жолу үчүн урушта курман болсо, кишинин жаны бейиштен орун алат» деген догмага таянышып, мусулмандар кишини (Кудайдын баласын) өлтүрүү аркылуу Кудайды таанып-билишет.

Бардык кишилердин үстүнөн бийлик жүргүзүүгө аракет кылып жаткан күч уруш майданында туруктуу жеңип чыгуучунун болушуна жол бербейт, тактап айтканда, эч ким, эч качан жеңишке жетишке жетишпейт!!! Анткени, эки жак тең «жамандыкты алып жүрүүчүлөр» болуп саналышат, бул каршылашкан эки жак тең бир эле Караңгы күчтөрдүн орун алган тепкич баскычтарына2 кызмат өтөшөт.

- О Кудай, бизди студенттерди аячы! Жол акысы биздин мүмкүнчүлүгүбүзгө туура келген ушул жалгыз поездин жүрүшүн токтотпочу! Окуу жайда окуунун баасы, мугалимдерге баа койдуруунун баасы, андан башка да ар түрдүүакча топтоолордун саны жыл өткөн сайын өсүп жатат. Кимден акча сураарды билбейсиң! – деп бою узун, арык келген жаш орус кыз эгин өйдө көтөрүп, жалдыраган, кайгылуу көздөрү менен асманды карап, оозун кыбыратып, Кудайдан суранды. Бул жаш орус кыздын кийгендери арзан баадагы кийимдер: боз түстөгү кыска балон куртка, кара түстөгү жинса шым, модадан чыккан, лак менен сырдалган кара түстөгү жылтырак ботинка.

Улгайган орус киши студент кызга карап, жагымдуу жылмайды. Анан эркелеткен үнү менен студент кызга төмөнкүлөрдү айтты:

- Чыдамкай бол кызым. Эки миңинчи жылдын башталышы менен Жерде, кишилердин материалдык эмес көрүнүшүндө чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Азыркы учурда жаштарга билими тууралуу документтерди акчага сатып алууга жол берилүүдө. Окуу жайларда студенттерге Жердеги билимдер сапатсыз берилип жатат. Окуу жайлардан билими тууралуу тийиштүү документтерди алышкан азыркы студенттер, кийин булар да мамлекеттик бийликтин бардык бутактарында иштешет, анын ичинде мамлекет башчысы да болуп. Ага чейин азыркы материалдык эмес көрүнүштө болуп жаткан өзгөрүүлөр кишилердин материалдык көрүнүшүнө өтүп калат. Ошондо элдин тагдырына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө жана өлкөнү сапаттуу башкарууга акча менен алынган жердеги билим жетишсиздик кылаарын силер өзүңөр түшүнүп-билип каласыңар.

Космостон келип жаткан ЖАҢЫ энергиянын таасири менен силердин энергетикалык абалыңар өзгөрөт. Ошондо Кудай кишини материалдуу да, чыныгы рухтуу да кылып жараткандыгы, киши үч көрүнүштөн: чыныгы Рухтан, жандан жана денеден тураарын силер танбайсыңар. Кишинин материалдык жагы -бул кишинин физикалык көзгө көрүнгөн денеси (Жарыктын15 сырткы көрүнүшү), анын материалдуу дүйнөсү болот. Кишинин материалдык жагы келип кетчү нерсе, ал кишинин каны менен бириккен энергетикалык денесинен8 турат. Кишинин материалдык эмес жагы (Жарыктын15 ички көрүнүшү), анын чыныгы Рухтуу дүйнөсү болот. чыныгы Руху5 турган бөлүгү болсо кишинин көзүнө көрүнбөгөн, анын болот. Кишинин материалдык эмес жагында физикалык көзгө көрүнбөгөн чыныгы Рух5 менен жан13 турат, кишинин бул чыныгы руктук денеси түбөлүктүү болот. Кишиде тиричиликтин эки көрүнүшү бар: биринде физикалык денеси бар жан жашайт; экинчисинде физикалык денеси жок, бирок жокту бар кылууга жөндөмдүү чыныгы Рух жашайт.

Ал мезгилде, чоң өзгөрүүлөр материалдык көрүнүшкө өткөн кезде, мейкиндиктин үстүндө жана убакыттан сырткары турган Кудайдын бөлүкчөсү ар бир кишинин денесинде жашаары жөнүндөгү чындыктын үстүнөн кишилер ой жүгүртө башташат. Кишидеги Кудайдын ушул бөлүкчөсү азыр Илим жана Дин жактан четке кагылып келе жатат.

Ошондо кишилер Кудайга кайрылып, бир нерсе сурашканда, сага окшоп бош асманды карашпайт. Кишилердин аң-сезимдери кеңейет, ЖАҢЫ доордун талабына туура келген жаңы термелүүлөр кишилердин денесинде пайда болот. Элдердин жашоо- мүнөздөрү, маданияты да кошо өзгөрөт. Окуу жайлардан балдар да, чоң кишилерда жерден тышкаркы билимдерди алышат.

Ошондо акчаны караңгылыкты тейлеген энергетикалык жандуу нерсе ойлоп тапканын, Кудай кишини жаратканда кишиге берилген боштондуктан кишини ажыратуу максатын көздөп, кишилерге акчаны жалган кудай таңуулаганын кишилер ой жүгүртүү аркылуу өздөрү түшүнүп-билишет.

- Ушуга окшогондорду мен Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгү жөнүндө китептин кол жазмасынан окуганмын. Ал китептин кол жазмасы орусча «Утерянные мысли» деп, кыргызча «Жоготулган ойлор» деп аталат – деди курсактуу киши. Ал жанданган үнү менен төмөнкүлөрдү айтты:

- «Утерянные мысли» жана «Жоготулган ойлор» деген китептин кол жазмасында кишилерге маалымат башкачаланып берилет, маалыматтын мазмуну көндүм болгон көз караштын чегинен чыгат. Андай билимдерди басып чыга турган гезиттердин табылышы күмөн.

Бул кол жазманы китеп кылып чыгарууга жардам берүүсүн өтүнгөн автордун катын Сорос–Кыргызстан фондусу алган, бирок авторду жоопсуз калтырган. Бул кол жазманын маңызына түшүнө ала турган кишилер Сорос–Кыргызстан фондусунан табылбады окшойт. «Мээрим» кайрымдуулук фондусу да ушундай кат алган болсо керек.

Орусча «Утерянные мысли», кыргызча «Жоготулган ойлор» деген Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгү жөнүндө китептин кол жазмасынан үзүндүлөрдү Кыргызстандагы мамлекеттик, оппозицияда турган, кыргыз тилинде да, орус тилинде да басылып чыкчу гезиттердин редакциялары алышкан.

Орусча «Утерянные мысли», кыргызча «Жоготулган ойлор» деген кол жазмадагы автордун ойлору кишилерге түшүнүксүз болуп жаткандан кийин, ал киши бул жарык дүйнөгө эрте келип алса керек деп ойлойм.

Улгайган орус кишинин көзү жанданып, анда кубануу пайда болду. Ал кубанган үнү менен башкачаланып айтылган сөздөрү менен кайрадан аңгемени улантты:

Сиз айткан кол жазманын авторунун жаны13 жалган кудайлардын желесинен өз убагында бошонуп чыккан, анын жаны асмандан түшкөн жандардын19 катарына кирет деп айтар элем. Адатта, ага окшогон кишилер Караңгы күчтөрдүн орун алган тепкич баскычтарына2 абдан берилип кызмат кылышат. Бирок, жандын өнүгүп-өсүүсүнүн айрым мезгилинде, кишидеги чыныгы Рух5 ойгонот да, кишинин өнүгүп-өсүүсүнө башка багыт бериш үчүн, жандын аракеттерине бөгөт коёт.

Андай учурда, киши өз жасалма рухунун муктаждыктарын мурдагыдай канаттандырып жашоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Андай кишини, өзүнүн чыныгы Руху мамлекеттик жана жекече түзүлүштрдөн, коомдук уюмдардан обочолонтот. Мындай обочолонуу кишиге атайын берилет, киши өз күнөөтүйүндөрүн12 чечип алсын деп; аң-сезиминин абалын кеңейтсин жана ой жүгүртүү ылдамдыгын жогорулатсын деп; өзүндөгү каалоолор менен ойлорго, өзүнүн жашоо-мүнөзү менен жүрүм-турумуна терең ой жүгүртсүн деп; Кудай менен кишинин (Кудайдын баласынын) ортосундагы өз ара мамиледеги бурмаланууларга, кишинин жаны менен Жердин жанынын ортосунда байланыш бар болоору жөнүндө ой жүгүртсүн деп.

Кишинин субстанциясынан төмөнкү термелүүнү ажыратуучу мындай процесс, анын денеси Космостон келип жаткан жаңы энергияны кабыл алууга даяр болмоюнча, кишинин денесинде чыныгы Рухтун термелүүсүнө шайкеш келген жаңы термелүү пайда болмоюнча улантыла берет. Мындай абалдан эч ким жоготуусуз чыга албайт, эгерде киши материалдык эмес курмандык кылбаса. Башкача айтканда киши өз жасалма рухунун муктаждыктарын курмандыкка чалышы керек.

Ким мындай абалдан материалдык курмандык чалуу менен эле чыгам деп аракет кылса, башкача айтканда Кудай тирүү жандуу кылып жараткандарды өлтүрүп курмандыктарды кыла берсе, андай киши өз тагдырын өзү оорлоштуруп алат. Анткени, жан менен чыныгы Рух түбөлүктүү болот, ал эми Жердеги жашоо убактылуу болот.

Бейиш асманда болот деп эсептеген кишилер чоң жаңылышат. Бейиш деген –бул кишинин Жердеги жашоосу болот, тактап айтканда жандын бир эле убакытта эки дене менен жашашы болот: Физикалык жана чыныгы Рухтук денелер менен. Башка ченемдерде жан бир эле дене менен жашайт. Кишинин денесинде Кудайдын бөлүкчөсү жашайт – бул кишинин ааламдагы башка жандуу нерселерден, башка планетада жашагандардан болгон айырмасы болот. Мындай чындыкты кишилер түшүнүп-билип жашашы керек.

Жаны асмандан түшкөн жандарга19 кирген кишилер ар бир өлкөнүн бардык мамлекеттик бийлик бутактарында жана калктын бардык катмарында бар. Алар жаш балдар менен карыган кишилердин арасында, жакыр жашагандар менен бай жашагандардын арасында, жумушчулар менен интелегенттердин арасында, илим менен дин кызматкерлердин арасында, массалык маалымат каражаттары менен маданиятта эмгектенгендердин арасында, кылмышкерлер тобу менен бузулган сойкулардын арасында да бар.

«Суу куйгуч» деген жаңы доордун башталышы менен, жаны кылымдык уйкудан ойгоно баштаган, жаны асмандан түшкөн жандарга19 кирген кишилер көбөйө баштады. Алардын саны мындан ары геометриялык прогрессия менен көбөйөт.

Улгайган орус киши унчукпай калды. Анын жүзү кубанып, көздөрүболсо физикалык көзгө көрүнбөгөнчексиз мейкиндиктеги чекитке багытталып турду

«Сыртынан караганда кадимки эле билими аз карапайым айылдык чал, ал эми аң-сезими боюнча космикалык жандуу нерсеге окшош» -деди ичинен курсактуу киши.