Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгү

Get Adobe Flash player

Фото-ТТК

Койчуманов Тынчтыкбек Төлөнбаевич
- «Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгүн изилдөөчү борбор» деген коомдук фонддун директири, «Жоготулган ойлор» деген Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгү жөнүндөгү китептин кол жазмасынын автору.

 

Өлгөн кишини ажы кылуу

Он экинчи аңгеме

***

Жараткандын ой-түшүнүгүнө ылайык, кишинин үч түрлүү жашоосу бар: жердеги жашоо, мүрзөдөгү жашоо жана асмандагы жашоо. Киши өз эрки менен болуу укугуна ээ, ошондуктан, кайсы жашоодо жашаганды, киши өзү чечет.

 

Киши жердеги жашоону Кишилик денеси14 (Глоссарийди караңыз) менен жашайт. Кишилик дене болсо эки денеден турат: Чыныгы Рухтук жана Физикалык денеден. Чыныгы Рухтук дене жан13 мененЧыныгы Рухтан5 турат. Чыныгы Рухтук дене түбөлүккө жашайт жана эч качан өлбөйт.

Жараткандын ой-түшүнүгүнө ылайык, киши өлгөндөн кийин, кишинин чыныгы Рухтук денеси асмандагы жашоосун башташы керек. Бирок, киши жердеги жашоосунда Кудайдан алган өз эрки менен болуу укугун жекече кызыкчылыгы үчүн пайдаланган болсо, жалган жашоону даңтап-даңазалаган болсо, анда ал киши өлгөндөн кийин, анын чыныгы Рухтук денеси мүрзөдөгү жашоого сөзсүз келет. Ушул себептүү, кишинин жердеги жашоосу аяктагандан кийин, айрым кишилердин чыныгы Рухтук денеси мүрзөдөгү жашоону баштайт.

Жараткандын ой-түшүнүгүнө ылайык, кишинин Физикалык денесибириккен энергетикалык денеден8 жана кандан турат. Физикалык дене убактылуу жашайт. Киши өлгөндөн кийин, кишинин физикалык денеси жерге берилет. Ошондо, физикалык дене үчүн мүрзөдөгү жер астында жашоо башталат. Кишинин Физикалык денеси эч качан асмандагы жашоодо боло албайт жана асмандагы жашоону жашай албайт.

Жердеги жашоо

Көпчүлүк кишилер сыяктуу эле, а дегенде, Ажынкул кудайга ишенбеген кишинин жашоо-мүнөзү менен жашады.

Бала кезинде Ажынкул башка балдардан эч нерсеси менен айырмаланчу эмес. Ажынкул айылдык үй-бүлөөдө өстү, ар дайым ата-энесинин кам көрүүсүндө болду. Теңтуш балдары сыяктуу мектепти бүтүп, зээндүү балдар катары шаарга барып, институтка өтүп, жогорку окуу жайында окуп калды. Ажынкул көпчүлүк балдарга теңелип тамеки чеккенди жана ичкилик ичкенди үйрөндү. Өзүнөн тукум улунтыш максатын көздөп, Ажынкул үйлөнүп алып, окуусун улантты.

Институтту аяктагандан кийин, Ажынкул өз кесиби боюнча иштеди. Бардык кишилердей эле, Ажынкул даүй-бүлөөсүнүн жашоо-шартын жакшыртууга,тез байып кетүүгө умтулду,иштеген жеринде кишилерден пара алганды өздөштүрдү, сойкулук кылып, башка аялдар менен көңүл ачканды үйрөндү. Качан ооруганда же жашоонун орчулугунан кыйналганда, качан иштери жүрүшпөй калган учурда же жашоосуна коркунуч пайда болгондо, ошондо гана Ажынкул Кудайды ойлоп, Кудайды эстөөчү.

Ажынкул кийинчерек тагдырын Кудай менен байланыштырды. Ал Кудайга ишенип, намаз окуганга өттү. Ажынкул ичкилик ичкенди таштап, жашоо-мүнөздөрүн жана жүргөн-турганын шариятка тууралады. Кудайдан түшкөн китептерди Ажынкул өзү окууга умтулган жок. Көпчүлүк кишилерге окшоп, Ажынкул да Кудайдан түшкөн китептерди окуу жана анда айтылгандардын үстүнөн ой жүгүртүү – бул дин кызматкерлеринин иши деп эсептейт. Ушул себептүү Ажынкул шарияттын талаптарын дин кызматкерлеринен сурап билди. «Окшош окшошту тартат» деген Космикалык мыйзам боюнча, кишинин бир каалабагандыгы, андагы болгон бардык каалабагандыктарды тарта баштайт. Ажынкулдун шан-шөкөттүү сойкулук менен жашоого байланышкан каалоосунун жана ойлорунун багыттары өзгөрүлгөн жок. Ажынкул ичкилик ичкенди таштаганы менен, ал өзүндөгү жасалма рух4-тун муктаждыктарынан ажырагысы келген жок.

Көпчүлүк кишилер сыяктуу эле Ажынкул да өз эрки менен болуу укугун жекече кызыкчылыгы үчүн пайдаланды. Ажынкул молдолордун жардамы менен гана Кудайды таанып-билүү жолун тандады. Жашоонун маңызына ой жүгүртүүнү Ажынкул өзү каалаган жок. Кудай тирүү жандуу кылып жараткандар менен мамиле түзүүгө Ажынкул өзү аракет кылган жок. Ыйык китептерди окуганга Ажынкул өзү бош убакыт тапкан жок. Кудай менен кишинин өз ара мамилесине байланышкан маселелерди талдаш үчүн же жашоонун көйгөйлөрү пайда болсо, Ажынкул дин кызматкерлерине кайрылып турууну туура көрдү. Ажынкул күнөөлүү иш жасагандан кийин туура дин кызматкерлерине барат. Дин кызматкерлери Ажынкулду кунт коюп угуп, анан ага кеңеш беришет. Берилген кеңеш менен Ажынкул кандайдыр бир диний ырым-жырымдарды аткарат. Дин ырым-жырымдары аткарылып бүткөндөн кийин Ажынкул: «мен эми тазаландым, Кудай менин күнөөлөрүмдү кечирди» деп ойлойт. Анан, кайрадан күнөөгө батырчу иш аракеттер жөнүндө Ажынкул кыялдана баштайт.

Араб менен кыргыздын сөздөрүн аралаштырып, бал тилге салып сүйлөшкөн дин кызматкерлерден уккандарын Ажынкул чындык катары кабыл алат. Өзүндөгү жана дин кызматкерлериндеги билимдин денгээлиндеги айырмачылыкты Ажынкул эске албайт. Дайыма Алла-тааланын ысмы менен башталып, биринчи араб тилинде айтылып, анан кыргыз тилине которулган дин кызматкерлердин азгырылма сөздөрү Ажынкулга гипноз сыяктуу таасирин тийгизет. Молдолор өздөрү айткан сөздүн маанисине терең ой жүгүртө албастыгын Ажынкул билбейт. Кудайдын мыйзамдарынын ар бир тамгасына карманганды билишкени менен, Кудайдын мыйзамдарынын маңызын түшүнүүгө зарыл болгон кеңейтилген аң-сезимдин молдолордо жоктугун көпчүлүк кишилерге окшоп Ажынкул да билбейт. Дин өкүлдөрү жалган жашоону дактап-даңазалашат, кишини жараткан Кудайдын ой-түшүнүгүн элге айта алышпайт, алар кишинин денеси эки денеден: физикалык көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн денелерден турары жөнүндө Чындыкты элге айтышпайт.

Үйүндө тамак-ашы көбөйүп, үй-оокаттары ашып-ташып турган кезде, дин кызматкерлери берген кеңеш боюнча Ажынкул Меккеге үч жолу барып келди. Меккеге биринчи жолу барганда, Ажынкул өзү ажы болуп келди. Меккеге экинчи жолу барганда, мындан беш жыл мурун өлгөн апасы үчүн барып, Ажынкул өлгөн апасын ажы кылып келди. Меккеге үчүнчү жолу барганда, мындан он беш жыл мурун өлгөн атасы үчүн барып, Ажынкул өлгөн атасын ажы кылып келди.

Меккеге үчүнчү жолу барып келгенден кийин, Ажынкул өзүнө өзү абдан ыраазы болуп жашады жана элдин арасында башын өйдө көтөрүп жүрдү. «Сенин балдарың, эми сени менен сыймыктанышса болот. Биздин ата-бабаларыбыздан эки муун Меккеге барып келишкен, биз ыйык тукумдан болобуз деп», «Алла-таалам сенин ата-энеңдин ажылыгын кабыл кылды, алардын жандары бейиштен барып орун алышты», «Сени да бейиш күтүп турат!», «Сага окшоп ата-энени парзынан кутултуу, бардык эле балдардын колунан келе бербейт!» - деген дин кызматкерлерден уккан мактоолорго Ажынкул магдырап-жыргады.

Жер бетинде, жарыктын өкүмдүгү күндүн чыгышы менен башталат да күндүн батышы менен аяктайт. Андан кийин жер бетинде караңгылык өкүмдүк кылат. Күндүн кыймылын эч ким токтото албайт. Ушул сыяктуу эле, кишинин жердеги жашоосунун аякташын да эч ким токтото албайт. Физикалык өлүмдүн келиши менен кишинин жердеги жашоосу аяктайт, андан кийин кишинин жаны башка жашоонун ЖАҢЫ түрүн баштайт. Ажынкул карып калган кезде, ага физикалык өлүм келди.

Мүрзөдөгү жашоо

Ажынкул өлгөндөн кийин, ал жыпжылаңач жана жылаңайлак жүргөн кишилердин арасында болуп калды. Бул жыпжылаңач жана жылаңайлак жүргөн кишилердин арасында эмчектеги баладан тартып өтө карып калган чал-кемпирдин курагындагылар жана ар кандай бойлуу кишилер бар. Алардын ичинде наристелер, жаш балдар менен кыздар, жигиттер менен бойго жеткен кыздар, карыган жана өтө карып калган эркектер менен аялдар бар. Бирок, алардын кебетелери абдан жүдөгөн, алар аябай арыкташкан. Жыпжылаңач жана жылаңайлак кишилердин айрымдары башкалардан буттарынын, билектеринин жана моюндарынын агарышы менен айырмаланып турушат. Алар Ажынкулду курчап алышып, Ажынкулду кайгылуу көздөрү менен үн чыгарышпай карап турушуптур. Алардын арасында Ажынкулдун атасы менен апасы да турушат. Курчап турган кишилердин жыныстык мүчөлөрү Ажынкулдун көзүнө урунган сайын, Ажынкул өзүн абдан ыңгайсыз сезип жатты.

Ажынкул эки жагын карай баштады. Ажынкул жалгыз турган теректи көрдү. Ал теректин астынан өткөн суунун шылдыраганы жана канаттуулардын сайрашы жакшы угулуп турат. Жер кургак, жердин үстөндөгү чөптөр саргайган, жерде теректен түшкөн сары жалбырактар бар.

Ажынкул чоң теректин ары жагына көз чаптырды, анын көзүнө тааныш жерлер көрүндү. Алыс эмес жерде мүрзө жайгашкан, мүрзөдөкөп кишилер турушат. Алардын арасынан Ажынкул өзүнүн жакын кишилерин: балдарын, неберелерин жана досторун көрдү. Топ кишилердин арасында аялдар көрүнбөйт. Мүрзөдөгү кишилер жаңы бейитти тегеректеп отурушат. Башында селдеси бар, сакалын жаңыдан өстүрө баштаган жаш молдо куран окуй баштады. Куран окуган кишинин үнү эмнегидир Ажынкулга абдан тааныш болуп сезилди. Окулган курандан Ажынкул жыргалга баты. Жаш молдо Куранды окуп бүткөндөн кийин, Ажынкулдун атын айтып, окулган курандын собун Ажынкулга багыштады. Кишилер алакандары менен беттерин сылашып, бата кылышты. Андан кийин кишилер ордуларынан турушуп, мүрзөдөн кете баштады.

Ажынкулдун абдан жакшы көргөн небереси мүрзөдөн кетпейм деп ыйлай баштады. Небересинин көз жашы менен ыйы, Ажынкулдун денесин кыпчуур менен кыпчыгандай тызылдатып, катуу оорутту. Катуу оорудан Ажынкул кыйналды. Кишилер жаш баланы сорото башташты. Бири: «Ыйлаба айланайын! Сенин чоң атаң ыйык киши эле. Ал азыр бейиште жүрөт» десе, экинчиси: «Тим койгула, ыйлай берсин! Өлгөн киши баардыгын угуп да, көрүп да турат, а көз жаш болсо, өлгөн кишинин да, тирүү кишинин да абалын жеңилдетет дешет эмеспи» деди.

Чындыктан таптакыр алыс айтылган кишилердин ушундай сөздөрү Ажынкулдын абалын оорлотту. Бул сөздөрдөн кийин Ажынкул өзүн аарынын уюгуна тийишкен кишидей сезди. Ажынкулдун жаны кыйналып, денеси тызылдап ооруду. Ажынкул жакшы көргөн небересине: «Ыйлабагын! Сенин көз жаштарың мени катуу оорутуп атат! Мен бейишке али жете элекмин» деп барып айткысы келди. Бирок, атасы Ажынкулду колунан катуу кармап, аны коё бербей койду. Атасы Ажынкулга мындай деди:

- Сен азыр алсырап турасың, уулум! Ал жакка барбагын! Небереңсенин үнүңдү укпайт.

- Ата, неберемдин көз жашы мени катуу ооруп жатат! Мен барып неберемди соротуп коёюн – деди Ажынкул колун тарткылап.

Ажынкулдун атасы баласынын колун коё бербей, Ажынкулга дүйнөлөрдүн айырмачылыгы жөнүндө аңгеме айта баштады:

- Тирүү кишилер Физикалык дүйнөдө турушат, алар кишинин жердеги жашоосун жашап жатышат. Биз болсо, Кылдат дүйнөдөбүз, биз азыр кишинин мүрзөдөгү жашоосунда турабыз. Тирүү кишилер үчүн биз өлгөн кишибиз. Биз тирүү кишилерди көрүп да, аларды угуп да турабыз. Тирүү кишилер болсо, бизди көрүшпөйт да, бизди угушпайт. Бизде физикалык дене жок...

Ушул учурда киши чыдагыс оорудан Ажынкул эстен танды. Кишилер мүрзөдөн алыстап калганда Ажынкул кайрадан эсине келди. Ажынкул өзүн жакшы сезип турганын баамдады. Ажынкул бала кезинде, атасынын кучагында жүргөндө ушундай жакшы сезимдеболоорун эстеди. Ажынкул көздөрүн ачты. Ал жылмайып күлүп турушкан ата-энесинин жүздөрүн көрдү, апасынын жумшак алаканы чекесинде турганын туюп-сезди. Ажынкул башын көтөрүп, эки жагын карап, атасынын кучагында турганын көрдү. Баласынын эсине келгенин көргөн атасы, Ажынкулду жерге түшүрдү.

Жыпжылаңач кишилерге Ажынкулдун көздөрү бир аз көнө түшкөндүктөн, эми ал жыпжылаңач кишилерден уялбай калды. «Эмне үчүн атам-апам бейиште эмес, эмне себептен алар дагы эле жерде жүрүшөт?» деген суроого жооп таба албай, Ажынкул кыйналды. «Мүмкүн атам менен апам ажы болушкандыгын билишпесе керек?» деген ой Ажынкулда кокусунан пайда болду. Ажынкул текшерип көрүш үчүн, кишилердин жердеги жашоосунда колдолунуучу эрежени пайдаланды. Ажынкул жүзүн шайыр кылып, ата-энесин карап жылмайды, анан кубанган үнү менен ата-энесине өз каалоосун айтты:

- Ата! Апа! Ажылыгыңар кабыл болсун!

Атасы кайгылуу көздөрү менен баласына карады, анан мындай деп жооп берди:

- Уулум! Алла-таалам тирүү кишинин ажылыгын кабыл кылат, эгерде тирүү киши бүткөн денеси менен, болгон жаны менен жана толук акыл-эси менен Алла-таалага умтулуп Меккеге барса, кишинин ойлору тунук болсо, киши чеке терин агызып тапкан акчасы менен Меккеге барган болсо.

Атасынын берген жообу Ажынкулдун ачуусун келтирди. Ачууланганын билдирбегенге тырышып, Ажынкул какшыктап сурады:

- Силер Мирбектин сөздөрүн жаш балдарга окшоп бүт көңүлүңөрдү буруп уккандан алыссыңарбы деги?

Ажынкулдун апасы кепке аралашты. Баласынын какшыктаган суроосуна, апасы мындайча жай жооп берди:

- Кишилердин денесиндеги Кылдат дүйнөлөрү менен Физикалык дүйнөлөрүнүн бирдиктүүлүгү жөнүндө Мирбек сага айтып жатканда, биз сенин жаныңда турганбыз балам. Жердеги жашоосун Киши баштай албайт, эгерде кишиде бул эки дүйнөнүн бирдиктүүлүгү жок болсо. Ошондуктан сенин досуңдун айткандарын биз дагы укканбыз. Мирбек Чындыкты айткан.

Апасынын берген жообу Ажынкулду ого бетер ачууландырды. Бир жагынан кыжырданып, бир жагынан мазактагандай болуп, ал ата-энесине кайрадан төмөнкүдөй суроолорду берди:

- Силерди ажы кылам деп бекер эле аракет кылгансың деп мага айтканы турасыңарбы?Силердин ажылыгыңарды Алла-таала кабыл кылган жок деп айтмакчысыңарбы? Мен Кыргызстандагы чоң деңгелдеги дин кызматкерлери менен жакшы мамиледемин. Мирбек шайтандын сөзүн сүйлөп жүрөт дешип алар баары айтышкан.

Ал жерде карап турушкан жыпжылаңач кишилер күлүп жиберишти. Ажынкулдун атасы да чын дили менен каткырып күлдү. Күлкү токтогондон кийин, атасы баласынын көздөрүнө тигилип карады. Атасы баласы Ажынкулдун башынан назик сылады. Андан кийин, абадан терең дем алып, өкүнүчтүүүнү менен Ажынкулга төмөндөгүлөрдү айтты:

- Уулум! Каткырып күлгөнүм үчүн мени кечирип койчу! Киши ушундай чын дили менен күлөт, эгерде өзүнө окшоп чоң жаңылыштык кетиргенге даяр башка кишини көрсө жана ал киши жердеги жашоосу токтогонун кабыл кылбай, каршылык көрсөтүп жатканын көрсө. Сен жердеги жашооңду аяктадың, эми болсо мүрзөдөгү жашоону баштадың. Бул чындыкка сен моюн сунушуң керек, уулум.

Атасынын берген жообу Ажынкулду чочулатты. Ага карабай, оң жооп алам деген үмүтүн үзбөгөн Ажынкул чечкиндүүлүк кылып, эми атасынан какшыгы жок сурады:

- Силер кызыксыңар. Табышмактуу сүйлөбөй, менин берген түз суроомо түз эле жооп бербейсиңерби?

- Болуптур, мен сага түз жооп берейин: Алла-таалам сенин өлүк кишилерди ажы кылыш үчүн Меккеге барганыңды кабыл кылган жок! – деп жооп берди Ажынкулдун атасы кайгылуу көздөрү менен баласына тигиле карап.

Ажынкул атасынан башка жооп уккусу келген эле. Ошондуктан бул чындыкка ал моюн сунбады. АжынкулМеккеге барып өлгөн кишилерди ажы кылганын кабыл кылууну өз ата-энесинен талап кылганын улантты:

- Силер эмне түшөнбөйсүңөр? Өлгөн ата-энелери үчүн Меккеге балдары барышса, өлгөн кишилер күнөөсүнөн тазаланышат жана алардын жандары бейиштен барып орун алышат деп борбордук мечиттеги чоң карылар айтышкан. Силер үчүн мен чын дилим менен Меккеге барып, Каабага жүгүндүм жана жети жолу Каабаны айланып жүгүрдүм! Силер үчүн мен чын дилим менен ас-Сафа жана ас-Марва деген ыйык дөбөлөрдүн аралыгын «чуркап» өттүм! Силер үчүн мен чын дилим менен Муздалифа деген тоонун бетинен таштарды терип алып, ал таштарды Мина деген өрөөндөгү шайтандар жөнүндө түшүнүк берчү нерселерге ыргыттым! Силер үчүн мен чын дилим менен Мина деген өрөөндө курмандыкка тирүү жандыктарды сойдурдум! Силер үчүн мен чын дилим менен Замзам деген ыйык булактан суу ичтим! – деди Ажынкул. Атасы менен апасында Меккеге баруу жөнүндө түшүнүк болсун үчүн, Ажынкул өзү Меккеде жасаган аракеттерди атайылап айтты.

Кепке кайрадан Ажынкулдун апасы аралашты. Апасы эркелеткен үн менен сүйлөдү:

- Уулум! Сен билимди чо-оң шаардан, Москвадан алгансың! Сенин алган билимиң, сага «Ажылыктын» маңызына түшүнүүүчүн ой жүгүртүүгө мүмкүндүк бере алат. Качан киши Меккеге барып, өзүнүн кадимки кийимдерин чечип, үстүнө аппак кийимди кийгенде – ал киши ошол мүнөттөн тартып Кудайдын алдында болуп калат! Жашоонун убаракерчилигине жана арам нерселерге умтулууга, Кудай алдында аппак кийимди кийип турган кишиге тыюу салынат. Киши чын дили менен «Мен сага кызмат кылам, Кудай! Мен сага кызмат кылам! Сага теңдеш эчким жок! Бир гана сага – сыйынылат, бардык жыргал – сенден гана келет! Сенин падышалыгыңан башка падышачылык жок, сенин бийлигиңен башка бийлик жок!» деп Кудайга кайрылып, анан сыйынат. Пайгамбар ата-бабабыз Ибрайим (Авраам) ушинтип биринчи Кудайга кайрылган, анан сыйынган. Мухаммед пайгамбар да ушинтип Кудайга кайрылып-сыйынган. Сен эмне деп Кудайга кайрылып-сыйындың? Ыйык Меккеде сен оозуңа шайтан салган сөздөрдү айтып сыйындың. Сен тыюу салынган нерселерге умтулуп, Алла-таалага жаккан «ажылыкты» бурмалап алдың, уулум!!!

Сен даражасы жогору деген дин кызматкерлерде кеңейтилген аң-сезимдин абалы болгон эмес, аларда ортодон бир аз жогору гана билим болгон. Ар бир сөздүн маанисине ой жүгүртүү жөндөмү аларда жок болгондуктан, кишилерди туура эмес жолго багыттап жүрүшкөнүн дин кызматкерлер билишкен эмес. Дин кызматкерлери качан жердеги жашоосун аяктап, ушул биз турган дүйнөгө келишкенден кийин гана, алар өздөрүнүн жаңылышканын түшүнүп-билишти. Алар бул Кылдат дүйнөгө башкалардан айырмаланышып, намаз окуган кишилерге гана таандык болгон агарган буттары, билектери жана моюндары менен келишти. Сага окшоп, алар бул жакка жыпжылаңач болуп, жылаңайлак болуп жана эркектик мүчөсү кесилбей келишти.

Ушул убакытка чейин Ажынкулдун көңүлү тынч турган эле, анткени, ал өзүн ак кепинде оролуумун деп ойлогон, жыпжылаңач болуу жөнүндө ой, анын үч уктаса да түшүнө кирбеген. Апасынын акыркы сөздөрүнөн кийин, Ажынкул өзүнүн эркектик мүчөсү турган жерин дароо карады. Өзүн жыпжылаңач, жылаңайлак жана эркектик мүчөсү кесилбей турганын көргөн Ажынкул сестейип туруп калды. Жылаңачтыгына аябай уялды. Ажынкул алакандарын кайчылаштырып, эркектик мүчөөсүн шашыла жапты. Ажынкулдун ушундай аракети жылаңач кишилерди кайрадан күлдүрдү.

Небересинин ыйынан жана мүрзөдөгү кишилердин сөздөрүнөн кийин ооругандай болуп, Ажынкулдун денеси кайрадан тызылдап ооруй баштады. Ачууланган айрылар чаккандагыдай катуу оорудан Ажынкул кайрадан эстен танды. Күн батканга жакын калганда гана Ажынкул кайрадан эсине келди. Эсине келген Ажынкул, өзүн кайрадан атасынын кучагынан көрдү. Ажынкул өзүнө толук келгенден кийин:

- Ата, мен эмне болуп жатам? -деп сурады.

- Сөгүңдү жерге беришикенден кийин, кишилер кайрылып сен жашаган үйгө барышты, алар үйгө өкүрүп киришти, ал жерде кошок айтылып, көз жаштар төгөлдү. Кээ бирөөлөр сени талкууга алышты, сага жакын айрым кишилердин үй-бүлөөсүндө чыгымдарга байланышкан анча-мынча чыр чатактар болуп өттү. Ушуга окшогон чыры бар кишилердин иш-аракеттерин караңгылыктын энергиясы коштойт. Андан кийин караңгылыктын энергиясы мейкиндикти көздөп жөнөйт, караңгылыктын энергиясынын айрым бөлүгү өлгөн кишинин жанын көздөп багыт алат. Караңгылыктын энергиясынын бул бөлүгү азыктаныш үчүн сага келген, бирок биз сени өзүбүздүн топко киргизип алгандыктан, бүткөн денебиз менен сени тосуп тургандыктан, караңгылыктын энергиясынын бөлүгү сага кичинекей таасирин эле тийгизди - деп жооп берди атасы.

- «Кичинекей таасири» ушул болсо, ал энергиялардын таасири мага толук тийсе, анда мен эмне болмокмун? – деп атасынан сурады Ажынкул. Ажынкул атасынын айткандарынын маңызына жакшы түшүнө албады.

Ажынкулдун суроосуна карып калган башка киши жооп берди. Ал киши сол колу менен сакалын сылап, башы менен мүрзө жакты көрсөтүп:

- Анда, сен дагы тигилерге окшоп калмаксың – деп күлүмсүрөдү.

Ажынкул мүрзө жакты карады. Көзү көргөн көрүнүштөн Ажынкул кайрадан сестейип туруп калды. Канаттуулардын тобуна окшогон, кишилердин тобу бир жактан учуп келди. Ал топтогу кишилердин көпчүлүгү кийимчен экен, азырагы жыпжылаңач жана жылаңайлак экен, алардында эркектик мүчөөлөрү кесилбептир. Кишилердин бул тобунда да ар кандай бойлуу, эмчектеги баладан тартып өтө карып калган чалга чейинки кишилер бар экен. Булардын ичинде да наристелер, жаш балдар менен кыздар, жигиттер менен бойго жеткен кыздар, улгайган жана өтө карып калган кишилер бар экен. Жыпжылаңач жана жылаңайлак кишилер болсо, кара жүн жиптер менен моюндарынан байлануу экен. Кара жүн жиптердин экинчи учтары кийимчен кишилердин белдерине байлануу экен. Кара жүн жиптер бириккен жылаңач кишилер менен кийимчен кишилердин жүздөрү бири бирине аябай окшош экен. Кишилердин бул тобунда да буттары, билектери жана моюндары агарып турган кишилер бар экен. Бул топтун ичинде да ак кепин кийинишкен кишилер бар экен.

Алардын бирөөсүн Ажынкул көрөр замат тааныды. Ушул кишинин кеңеши менен Ажынкул өлүк кишилерди ажы кылам деп Меккеге барган болчу. Ажынкулдун ал тааныш кишиге жакындап баргысы келди. Ажынкул ал кишини тигилип карап турду. Ак кепинчен киши өзүнө бирөөнүн көңүлү бурулуп турганын сезип, башын буруп, Ажынкул турган жакты карады. Ак кепинченге кошулуп, кара жүн жип менен мойнунан байланган жыпжылаңач жана жылаңайлак киши да Ажынкул жакты карады. Ажынкул менен ак кепинчен кишинин көздөрү чагылышкандан кийин, ак кепинчен киши дароо тескери бурулду. Ак кепинчен көзү мененбирөөнү издеди, анан издеген кишисин тапкандан кийин, ага башы менен Ажынкулду көрсөтүп:

- Сенин итиң дейди иттерге кошулуп калган турбайбы - деди.

Кишилердин мүрзөдөгү тобунан бир ак кепинчен киши бөлүнүп чыгып, Ажынкул турган тарапты көздөп багыт алды. Жакындап келе жаткан кишинин жүзүн көргөндө Ажынкулдун жүрөгүнүн согуусу бир азга токтоп калгандай болду. Анткени, келе жаткан кишиден өзүнүн күзгүдөгү чагылышын Ажынкулкөрдү! Ажынкул жердеги жашоосунда үстүнө ак кепинди кийип алып, күзгүдөн өзүн өзү каранганда, ал дайыма өзүн так ушундай көрчү. Ажынкул ак кепинди кийүүнү эңседи. Учуп келе жаткан өзүнө окшош кишиге Ажынкулдунбаргысы келди. Бирок, ордунан жыла албады. Себеби, атасы менен апасы Ажынкулдун колун катуу кармап, коё беришпеди. Учуп келген Ажынкулга окшош киши, Ажынкулду кучактап алып, аябай кубанып:

- Оо, менин элпек итим! Сен кайда жоголуп жүрөсүң? Мен сени аябай сагындым!деди.

Ажынкулга окшош киши, ак кепиндин ичинен кара жүн жиптин бир учун алып чыгып Ажынкулду мойнунан байлады. Анан, Ажынкулду кайрадан кучактап, кубанган үнү менен:

- Менин элпек итим, эми биз кайрадан биргебиз. Бизди бир бүтүн кылып, кайрадан бириктирген Алла-таалага даңк! Алла-тааланын намысын коргош үчүн, каапырлар менен күрөшкөнү жүр кеттик! – деди.

Ажынкул, ушул өзүнө окшош кепин кийинген киши менен кеткиси келди. Бирок, ата-энеси аны коё бербеди. Ажынкулду оң жак колунан атасы кармады, сол жак колунан апасы кармап турду. Ажынкулга окшош кепинчен кишинин сөгүп-тилдегенине жана башка көзгө урганына чыдашып, ата-энеси Ажынкулду коё беришкен жок. Ажынкулга окшош кепинчен кишиге жардам бериш үчүн, мүрзөдөгү кишилердин тобу бул жерге учуп келди. Бул жердеги жыпжылаңач кишилердин тобу менен мүрзөдөгү кишилердин тобунун ортосунда Ажынкул үчүн чоң кармашуу башталды. Жыпжылаңач кишилердин тобу, бирин-бири колдорунан кармашып, бир нече тегеректи түзүшүп, Ажынкулду ата-энеси менентегеректеп курчап турушту. Жыпжылаңач кишилердин тобу тегеректи буздурбаш үчүн болгон күч аракетин жумшашты. Мүрзөдөгү кишилердин тобу болсо, жыпжылаңач кишилердин тобун сөгүп-тилдешти, мазактап-кордошту жана ур-токмокко алышты. Жыпжылаңач кишилердин тобу саны жагынан өтө аздык кылышты. Жыпжылаңач кишилердин тобу жамандыкка жамандык менен жооп беришкен жок. Алар жылмаюдан чыккан өздөрүнүн энергиялары менен, мүрзөдөгү кишилердин зомбулукка умтулган энергияларын басып коюп атышты. Алардын алсыздары ооруга чыдабай онтолошту, бирок, колдорун коё беришкен жок.

Катуу кармашуу учурунда, бул жергекишилердин башка тобу учуп келди. Жаңыдан келген кишилердин бул тобунда да бойлору ар түрлүү жана ар кандай жаштагы кишилер бар. Алардын арасында кийимчендери,жыпжылаңач, жылаңайлак жана эркектик мүчөөлөрү кесилбегендери, буттары, билектери жана моюндары агарып тургандары, кара жүн жиптер менен бирикендери да бар. Ушул кийимчен кишилердин тобунан Ажынкул туугандарын, жердештерин жана көптөгөн тааныш кишилерин көрдү.

Жаңыдан келген кишилердин тобу, мүрзөдөн келишкен кишилердин тобуна күтүүсүз чабуул жасашты. Мүрзөдөн келишкен кишилерди сөгүп-тилдешти, мазактап-кордошту жана ур-токмокко алышты. Ак кепин кийинген Ажынкулга окшош кишини бөлүп алып, катуу жазалашты. Ак кепин кийинген Ажынкулга окшош киши, Ажынкулга эч качан жолобойм деп аларга ант берди.

Күн бата баштаган кезде, мүрзөдөгү кишилер менен жаңы келген кишилердин урушу аяктады. Алар эки тарапты көздөп учуп кетишти. Урушуу учурунда Ажынкул абдырап калды. Урушуу аяктап, арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин Ажынкул өзүнө келди. Ошондо Кылдат18 дүйнөдөгү жылаңач кишилердин өз ара сүйлөшүүлөрү башталды.

Суроону Ажынкул берип жатты. Ажынкулдун суроолоруна мүрзөдөгү кишилердин тобун башы менен көрсөткөн улгайган киши жооп берип турду:

- Мага аябай окшош киши ким болот? Эмне үчүн ал мени кара жип менен мойнумдан байлагысы келди?

- Сага окшош киши - сенин «жасалма рухуң4» болот. «Жасалма рух» болсо, «бириккен энергетикалык денеде8» турат. «Бириккен энергетикалык денени» - кишинин денеси болот дешип дин кызматкерлери кишилерге туура эмес түшүнүк берип жүрүшөт. Чындыгында, «Бириккен энергетикалык дене» - бул коюу энергия болот. «Бириккен энергетикалык дене» деген кишинин көзүнө көрүнбөйт, ал кишинин Физикалык денесинде, материалдык эмес көрүнүштө турат. Кишинин жаны13 менен жасалма руху4 көрүнүштөрү боюнча бирине бири аябай окшош болгону менен, алардын аткара турган милдеттери башкача.

Киши өлүп, анын физикалык денеси жерге берилген кезде, өлгөн кишинин «жасалма руху» кишинин жанын кармап калып, өзүнө кызмат кылдырыш үчүнболгон күч-аракетин жумшайт. Тирүү кишилер карманып жүргөн ата-бабадан калган салттардын, үрп-адаттардын жана диний ырым-жырымдардын көпчөлүгүн Караңгылыктын күчтөрү ойлоп табышкан. Ушул себептен азыркы салттар, үрп-адаттар, диний ырым-жырымдар өлгөн кишинин жанын жерде кармап туруу, жанды чоочун ченемдезордоп жашатуу максатын көздөшөт. Кара жүн жип менен мойнунан байланып жүрүшкөн жылаңач кишилер болсо кишинин чыныгы Рухтук5 денеси болот. Кишинин чыныгы Рухтук денеси жандан жана чыныгы Рухтан турат.

Жараткандын ой-түшүнүгүнө ылайык, киши өлгөндөн кийин, анын жаны келген жагына кайрылып кетиши керек.Тактап айтканда, кишинин асмандагы жашоосун улантыш үчүн, өлгөн кишинин жаны өзүнүн үйүнө кайтып барышы керек. Бирок, мен жогоруда айтып өткөндөй, көптөгөн ата-бабадан калган салттар жана айрым диний ырым-жырымдар, жандын жерден көтөрүлүп кетишине катуу тоскоолдук кылышат. Бүгүн сен өзүңкүбөө гана болбостон, ушундай салттар менен диний ырым-жырымдардын кесепетинин курмандыгы болдуң. Сагада караңгылыктын күчтөрү өкүмдүк кылган кишинин ушул мүрзөдөгү жашоосунда болууга туура келет.

- Мен анда ким болом?

- Сен «жан» болосуң, сен кишинин чыныгы Рухтук денесинде турасың. Сен жердеги жашоону жашап жаткан учурда, сенин ушул чыныгы Рухтук денең Физикалык денең сыяктуу эле, сенин Кишилик денеңде ар дайым катышып турган. Жерде жашап жаткан кезиңде, сен да кишиге гана таандык болгон көз карашты даңтап-даңазалап,Кудайдан алган өз эркиң менен болуу укугуңду сен да туура эмес пайдалангансың. Сен дагы жасалма рухка жанды башкарууга жол бергенсиң. Ушулардын натыйжасында, кишинин жердеги жашоосун аяктагандан кийин, сен өзүңдүн үйүңө кайрылып барбастан, ушул чоочун үйгө, тактап айтканда жасалма рухтун үйүнө келип калдың.

- Эмне үчүн мен жылаңачмын, жылаңайлакмын жана менин эркектик мүчөөм кесилген эмес?

- Бизди Кудай ушундай кылып жараткан! Бизди Кудай кандай кылып жараткан болсо, биз да Кудайдын алдына ошондой болуп барабыз! Биздин эркектик мүчөөбүз физикалык денеде гана кесилген.

Кудайдын ой-түшүнүгү боюнча, жаңы төрөлгөн баланын денесинде жети чел кабык болот. Эркектик мүчөө болсо, бала төрөлгөндөн жети күн өтүп, сегизинчи күн болгондо кесилиши керек. Анткени, жанды жердеги Жаңы дененин төртүнчү чел кабыгына киргизүү процесси, сегиз күн өткөндөн кийин аяктайт. Жердеги Жаңы дененин үчүнчү чел кабыгына периште киргизилип бүткөндөн кийин, төртүнчү чел кабыкка жан киргизиле баштайт. Жан газ түрүндөгү затка окшош болот.

Биз Кудайды Ислам дини аркылуу туура эмес таанып-билгенибизге, биздин кишинин мүрзөдөгү жашоосунда турганыбыздын өзү эле далил болот! Биз ушул тозокко, өзүбүздүн жердеги жашообузда сүйлөгөн сөздөрүбүз жана кылган иштерибиздин негизинде гана келдик! Жердеги жашоодо биз сүйлөгөн сөздөр менен кылган иштер биздин чоочун Кудайга кызмат кылгандыгыбызга күбө өтүшөт!

- Биз жерде эле турабыз го? – деп Ажынкул каршы пикир айтты.

- Биз деген энергия болобуз! Биз тиричиликтин материалдык эмес көрүнүшүндө турабыз. Бизде убакыт деген, аралык деген болбойт. Биз эч качан өлбөйбүз, биз түбөлүккө жашайбыз. Биз Космикалык мыйзамдар менен жашайбыз. Биздин жерде турганыбызды, бири экинчисине киргизилген, үйлөп толтурулган эки тоголок шардын аралыгында калган буюмга окшоштурса болот. Кичинекей тоголок шардын ичи болсо, кишинин жердеги жашоосу болот. Кичинекей тоголок шарды ичине киргизип алган чоң тоголок шардын сырты болсо, туш тарапка жайылган кишинин асмандагы чексиз жашоосу болот.

- Анда бейиш кайда турат?

- БЕЙИШ – бул кишинин жердеги Жашоосу болот!

- Бейиш асманда деп элге белгилүү дин кызматкерлери айтышкан. Мухаммед пайгамбарыбыз да бейиш Алла-тааланын жанында дептир. Сиз болсо, бейиш жерде дейсиз. ЧЫНДЫК кайда деги?

- Биз ой жүгүртүүчүэнергетикалык жандуу нерсе болобуз– бул да Чындык! Биз физикалык денеден ажырап, ушул материалдык эмес дүйнөдө турабыз – бул дагы Чындык! Биз «жарыктан» турарыбыз да Чындык! Биз «Физикалык дене» менен биригип, киши болуп жашаш үчүн Жерге кайдан келген болсок, ошол жакка кайра кетишибиз керек болчу. Бирок, биз азыр «жасалма рухтун» үйүндө, чоочун үйдө турабыз – бул да Чындык!

Бейиш асманда турат деп бизге дин кызматкерлери айтышкан. Динди таанып-билиш үчүн, биз өзүбүз умтулган жокпуз. Дин кызматкерлердин биз элпек окуучулары болгонбуз, ошон үчүн «ажылыктын» маңызына түшүнбөй туруп эле алардын кенеши менен биз өлгөн кишилерди ажы кылабыз деп Меккеге барганбыз - бул да чындык!

«БЕЙИШ» жерде эле болоорун, биз жерде «БЕЙИШТЕ» жашаганыбызды ушул Кылдат дүйнөдө туруп, өкүнүү менен билдик. Тилекке каршы, кишиде чыныгы Рухтук жана физикалык денелерден турган эки дене болоорун биз четке какканбыз –бул да чындык!

Жердеги жашообузда, Кудай тирүү жандуу кылып жараткандарды жана жаратылышты бузуп-талкалабай жашаганга бизде мүмкүндүк бар болучу. Биз өз жаныбызды Жердин жана тирүү жандуу нерселердин жандары менен тыкыс байланыштырып жашаганга да бизде толук мүмкүндүк бар болгон. Жердеги жашообузда биз Жашоону кубаныч менен, сүйүү менен жаратып жашасак болмок.

Өзүбүздүн ЖАҢЫЛЫШТЫКТАРЫБЫЗДЫ биз азыр билебиз. Жерде жашап жаткан тирүү кишилер да бизге окшоп биздин жаңылыштыктарбызды УЛАНТЫП жатышканын биз ушул дүйнөдөн көрүп турабыз. Бирок, биз эч нерсе кыла албайбыз, анткени алар бизди көрүшпөйт жана угушпайт, бизде болсо «Физикалык дене» жок. Кишиге «бейиште» жашаганга мүмкүндүктүКишилик дене алып берерин ушул Кылдат дүйнөгө келгенден кийин гана БИЗ ТҮШҮНДҮК. Бул да Чындык!

Караңгылыктын күчтөрү дин кызматкерлер менен илим кызматкерлердин аң-сезимдерин пайдаланышып бизди башкарып келишкен, азыр деле ошондой ыкма менен тирүү кишилерди башкаруу улантылып жатканын ушул Кылдат дүйнөдө туруп биз даана көрүп турабыз. Дин жана Илим башчыларынын ойлору жалган жолго багыт берип тургандыктан, бизге окшоп, тирүү кишилер да Кудай жөнүндө, киши жөнүндө, энергиялар менен күчтөр тууралуу, Кудай менен кишинин өз ара мамилеси жөнүндө бурмаланган маалыматтарды алышат.

Бизге окшоп, жердеги жашоосун өтүп жатышкан тирүү кишилер да көзгө көрүнгөн Физикалык денени эле изилдеп атышат, алар да Кишилик денеде Чыныгы Рухтук дененин бардыгын четке кагышууда. Бизге окшоп, Жараткандын ой-түшүнүктөрүн бузганга багытталган Караңгы күчтөрдүн жаман ойлорун тирүү кишилер да укумдан тукумга өткөрүп атышат. Бизге окшоп, алар да жердеги жашоосу аякташкандан кийин ушул тозокко келүүгө жолдомо алышат. Бул да ЧЫНДЫК!

Мухаммед пайгамбарды жаманатты кылганга болбойт! Мухаммед пайгамбардын ойлорун түшүнүп-билүү керек экендигин, ушул Кылдат дүйнөдө жүрүп биз түшүндүк. Мухаммед пайгамбардын ойлорун түшүнгөнгө биз аракет жасаган эмеспиз – бул чоң адашкандык болгон. Биз дин кызматкерлерден уккан сөздөргө ишенгенбиз. Дин кызматкерлер болсо өз аң-сезимдеринин абалан кеңейтүүгө умтулушкан эмес, алар пайгамбардан уккан сөздөрдү өздөрүнүн түшүнүгүнө ылайыктап айтышкан кишилердин сөздөрүндөгү ар бир тамгага ойлонушпай эле катуу карманып алышкан.

Кудайдын жанына көтөрүлүп баруу деген - бул да БЕЙИШ! Бирок, мындай «бейишке» бардык кишилер жетише алышпайт. Мындай «бейишке» жетишүүүчүн, андай киши пайгамбарларга окшоп, кеңейтилген Космикалык аң-сезимге ээ болушу зарыл.

- Биз бул жерде канча убакыт болобуз? - деп Ажынкул акыркы суроосун берди.

- Кишинин күнөөсүнүн салмагына жараша, ар бир кишинин жанына өзүнчө мөөнөт бөлүнгөн! Кээ бир бузулган жандар бул жерде бир нече миң жылдан бери жүрүшөт. Эгерде сен өлгөн кишини ажы кылам деп Меккеге барбаганыңда, азыр сенин атаң асмандагы жашоосунда жүрмөк.

Улгайган кишинин акыркы сөзүнөн кийин, Ажынкулдун жүрөгү катуу кысылды, анын көңүлү абдан чөктү…

Кишинин жердеги жашоосуна гана таандык болгон күндөр, айлар жана жылдар арадан өтүп жатты. Ажынкул акырындык менен мүрзөдөгү жашоого көнүктү. Тажрыйбасы жоктугунан Ажынкул карама каршы келген энергиялардын агымына көп жолу туш болуп, катуу кордолду жана ур-токмокко алынды. Ажынкул атасы менен чогуу Кылдат дүйнөдө саякатка чыга баштады. Ажынкул саякаттап жүргөн учурда жерде жашап жүргөндө өзү аябай сыйлап-суктанган көптөгөн кишилердин жандарын кезиктирди. Ажынкул Жердеги жашоодо аттары элге белгилүү болгон мамлекеттик ишмерлер менен окумуштуулардын, маданият менен дин чөйрөсүндө төбөсү көрүнгөн кишилердин жандарын да көрдү. Алардын баары жылаңач жүрүшөт, көпчүлүгү кара жүн жип менен моюндарынан байлануу.

Бир күнү Ажынкул атасы экөө мечитке келгенде, Ажынкул мечиттен өзүнүн уулун көрдү. Ажынкулдун уулу мечиттеги чоң молдодон:

- Менин атам өзү үчүн Меккеге бир эле жолу барган. Эгерде мен өлгөн атам үчүн Меккеге барып келсем, анда Алла-таала атамдын «бейиште» жүргөн мөөнүтүн узартабы? –деп сурады.

- Меккеге барып Каабага жүгүнгөнүңдө, сен Алла-таалага өзүңдүн келген максатыңды айткын. Алла-тааланын колунан баардыгы келет! Алла-таала сенин атаңдын «бейиште» жүргөн мөөнөтүн эле узартпастан, Алла-таала атаңдын жанынан сенин жаның үчүн да орун даярдап коёт – деп жооп берди чоң молдо Ажынкулдун баласына.

Ажынкулдун уулу өзүнө өзү ыраазы болуп ордунан турду, анан кубанган абалында үйүн көздөй жөнөдү.

Ажынкул сестейип туруп калды. Өз кулагы менен уккандарына Ажынкулдун төбө чачы тик турду. Ажынкулдун аябай тамеки чеккиси келди. Ажынкулдун жини келип, жердеги жашоосундагы адатына салып, чөнтөгүнөн тамеки издей баштады. Атасы каткырып күлүп жибергенде гана Ажынкул өзүнүн жылаңач экенин эстеди. Эмне кылаарын билбей Ажынкулдун аргасы кетти. Бул жерде өзүнүн алсыздыгына моюн сунуп, Ажынкул ыйлап жиберди. Көз жашын агызып Ажынкул атасына кайрылды:

- Ата! Жерде жашап жүргөнүмдө, мен чын дилим менен сиздерге жакшылыкты каалаганмын. Ошон үчүн мен сиздерди ажы кылыш үчүн Меккеге барганмын. Эми болсо, менин уулум мен кылган күнөөлүү аракетти кайталаганы турат. Алла-тааланын адилеттүүлүгү кайда? Кишилерге жалганды айтканга эмне үчүн Алла-таала чоң молдолорго жол берет? Адамзаты ушинтип, алдоонун кыпчуурунда түбөлүккө кала береби?

- «Алла» деген сөз арабтардын сөзү болот. Сен жакшы түшүнгөн тилге бул сөз «Кудай» болуп которулат – деп Ажынкулдун атасы жооп берип, анан абадан тереңиреек дем алыш үчүн бир азга унчукпай калды. Ажынкулдун атасы баласына күлүмсүрөй карап, сөзүн токтогон жеринен улантты:

- Кишини жараткан Кудайдын бир бөлүкчөсү ар бир кишинин денесинде жашайт, бирок, жашоонун башка көрүнүшүндө жана башка ченемдеринде турат. Жердеги жашообузду өтүп жатканда Кудайдын ушул бөлүкчөсүнө биз өзүбүздүн көңүлүбүздү бурганыбызда, анда биз кишини жараткан Кудайдын үнүн укмакпыз. Анда биздин ойлорубузда бизди жараткан Кудайды көздөп багыт алмак.  

Биз жердеги жашообузда дин кызматкерлери бизге тартуулаган Кудайга көңүлүбүздү бургандыктан, биздин ойлорубуз менен биздин жашоо энергияларыбыз бизге тартуулаган жалган Кудайды көздөп багыт алышкан. Ошол тартууланган жалган Кудайды көздөп умтулуп жүрүп, биз азыр ушул кишинин мүрзөдөгү жашоосуна келип калдык.

Кудай көп кырдуу болот! Жерде жашап жүргөнүңдө, сага дин кызматкерлери айтышкан: «Алла-таалага сен кандай ниет менен багыт алсаң, Алла-таала да сеникине окшош ниет менен сени тосуп алат!»; «Эгерде сен Алла-тааланы көздөп бир кадам таштасаң, анда Алла-таала сени көздөп он кадам таштайт!» деп. Кишини жарыктан жараткан Кудай, кишиге аң-сезим менен умтулуу берген. Биз аң-сезимибиз менен бизди жараткан Кудайды таанып-билишибиз керек, биз жараткан Кудайга гана умтулушуубуз керек.

Эгерде биз, өзүбүздүн аң-сезимибизди тарыта турган болсок, анда бизди көздөп «тартууланган» жалган Кудай басып келет, анда биз «тартууланган» жалган Кудайды көздөп умтулган болобуз. Эгерде биз аң-сезимибизди кеңейте турган болсок, анда бизди алдыбыздан кишини «жараткан» Кудай тосуп чыгат, анда биз кишини «жараткан» Кудайды көздөп умтулган болобуз.

Азыр жерде жашап жатканайрым кишилер өздөрүнүн аң-сезимдеринин абалын кеңейте башташты. Алар биз жашаган тиричиликтин көрүнүшүнө саякатка келишкенде, сен аларды жолуктурууга аракет кылышың керек. Жолугушуу учурунда, уулуңа сенин өтүнүчүңдү айтып коюшун алардан суранганга сен үлгүрүшүң керек. Жүр, мен сага андай кишилерди көрсөтүп коёюун.

Ажынкул атасы экөө студенттер лекция угуп жаткан аудиторияга учуп келишти. Аудиториянын доскасында: «Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгү» деген лекциянын темасы жазылып турат.

Окутуучу аял досканын жанында туруп алып, аудиторяны карап лекция өкуп атат. Окутуучу аялдын жүзүн көрүп, Ажынкул кыйкырып жиберди:

- Бул Айка го! Бул Мирбектин жаш аялы эмеспи!

Ажынкулдун атасы жооп ордуна мыйыгынан күлүп койду. Ажынкулдун атасы аудиториянын ортосуна чейин учуп барып, бир студент кыздын ийнине барып олтурду. Атасынын артынан учуп келген Ажынкул өзүнүн небере кызын көрдү. Ажынкул атасынын жанынан орун алып, небересине иренжип карады. Ажынкулдун жердеги жашоосунда ушул небере кызынын жүргөн -турганы Мирбектин элесин берип, дайыма Ажынкулдун кыжырын келтире берчү. «Чоң атам өлгөндө мен көз жашымды агызып ыйлабаймын. Анткени, көз жаш жандын жерден көтөрүлүп кетүүсүнө тоскоолдук кылат» деп, ушул небере кызы бардыгына ачык эле айтып жүрдү. Ушул себептен бул небере кызын Ажынкул жаман көрчү. Небере кызынын башкача ой жүгүртүүсүн жактырбай, Ажынкул аны көп урушуп-тилдөөчү.

Окутуучу аял лекция окуганын бир азга токтотту. Ал көз айнегин көздөрүнөн алып, столдун үстүнө коюуп, анан оң колунун салалары менен көздөрүн назик ушалады. Андан кийин лекциясынкайрадан улантты:

- Киши уктап жатканда, анын чыныгы Рухтук денеси физикалык денеден бөлүнүп чыгат да, тиричиликтин башка көрүнүштөрүнө саякатка жөнөйт. Тиричиликтин башка көрүнүштөрүндө, киши өзүнүн жакындарын жана тааныш кишилерин жолуктурат. Киши алар менен сүйлөшүп, аларга суроо берип, алардан өз суроолоруна жооп ала алат. Эгерде киши абдан кааласа, эгерде кишинин ойлору тунук болсо, андай киши өзү каалаган кишинин чыныгы Рухтук денеси менен сөзсүз жолукса болот. Анткени, кишинин көңүлү кайда бурулса, ошол тарапты көздөп кишинин жашоо энергиясы да жөнөйт, ал кишинин ойлорун иш жүзүнө ашырганы

Ажынкулдун небере кызы ойго чөмүлдү: «Чоң атамдын жаны азыр кайда жүрөт болду экен? Мен өзүмдүн көңүлүмдү чоң атама бурсамбы?…»

Ажынкулдун денесин кубануу нуру аралап өттү. Ажынкул дароо небере кызынын экинчи ийнине барып олтурду да, небере кызын башынан назик сылап, аны өпкүлөй баштады. Ажынкул небере кызына тынбай сүйлөп жатты:

- Каалагын! Мага жолукканды каалагын неберем! Мен тууралуу ойлонгонуңду уланта бер, менин алтыным! Сен менин куткаруучумсуң! Сен биздин тукумдун куткаруучусуң, неберем менин!

- Жүр кеттик уулум! Чөбүрө кызымдын лекция угушуна, анын сага жолугуу жөнүндө кыялдануусуна биз тоскоолдук кылбайлы – деди Ажынкулдун атасы.

Ажынкул небере кызы менен коштошуп, анан окутуучу аялга учуп келди. Окутуучу аялды да башынан назик сылап, аны өпкүлөдү. Андан кийин Ажынкул окутуучу аялга:

- Ырахмат сага, Айка! Мечитте силердин никеңерге күбөө болгонума, мен эми мындан ары сыймыктанып өтөм! – деди.

Ажынкул кайрадан небере кызына учуп келди да, небере кызын дагы бир жолу өптү. Андан кийин атасынын артынан кудуңдап сүйүнгөн боюнча кетти.

Чектелген убакытты өзүнө камтуу жөнүндө Космикалык мыйзам бар. Ушул Чектелген убакытты өзүнө камтуу жөнүндөгү Космикалык мыйзамга ылайык, бардык процестер мезгил-мезгили менен кайталанып турушат. Мезгил-мезгили менен кайталануунун мөөнөтү кыска да болот, узун да болот. Энергия алмашылып турат, энергия эч качан жоголбойт, болгону өз көрүнүшүн гана өзгөртөт жана өнүп-өрчүп турат. Аң-сезимдүү тиричиликтин үстүнөн тынбай ой жүгүртө берүүнүн негизинде, Ажынкулдун чыныгы Рухтук денеси агарды. Ажынкул өзүда таптакыр танылгыс болуп өзгөрдү. Асмандагы падышачылыктан, Ажынкулдун жаны асмандагы үйүнө келишине Кудайдын ыктыяры бар деген кабар келер замат, ушул коюу энергиядан турган тиричиликтин көрүнүшүн калтырып, Ажынкулдун чыныгы Рухтук денеси үйүн көздөй дароо жөнөп кетти.

Асмандагы жашоо

Асмандагы падышачылыктан, Ажынкулдун чыныгы Рухтук денесин небере кызынын чыныгы Рухтук денеси тосуп алды. Чыныгы Рухтук башчылардын Кеңешинин алдына жооп бергени кириш үчүн кезек күтүп турушкан кишилердин тобуна, Ажынкулду небере кызы алып барып кошту. Чыныгы Рухтук башчылардын Кеңеши адамзатын үстүнөн адилеттүү сот ишин жүргүзө турган Кудайдын тактысы болуп эсептелет.

Кишинин жаны жердеги жашоого бараар алдында, анан жердеги жашоосун аяктагандан кийин, ушул чыныгы Рухтук башчылардын Кеңешинин алдына сөзсүз келет.

Өз кезегин күтүп отуруп, чыныгы Рухтук башчылардын Кеңешинин курамына кимдер кире тургандыгын Ажынкул билди. Алар: Альфа жана Омега; Жети Чыныгы Рух; жети чиркөөнүн периштелери; Жыйырма Төрт Акылман карыя; айбандан төртөө; Жердин Кудайы; Күнөөтүйүндөрдүн Укугу Чектелбеген Кожоюндары; аппак кийинишкен ыйык кишилер; Архангелдер (периштелер тобунун башчылары, периштелердин арасындагы эң жогорку чин); периштелер жана Улуу Ак Туугандыктын көптөгөн мүчөөлөрү экен.

Кишидеги «түтүккө окшоп оролгон жазуусу бар кагаздарды Сактоочулар» менен «жазуучу-периштелер» аркылуу, кишинин Жерде болуп өткөн ар бир жашоосун Күнөөтүйүндөрдүн Укугу Чектелбеген Кожоюндары көрүп-биле алышат. Жердеги жашоого ким барарын жана качан барарын, ким кайда барып жашарын жана ким болуп барарын ушул Күнөөтүйүндөрдүн Укугу Чектелбеген Кожоюндары гана чечишет. Алар ар бир жандагы күнөтүйүндөрдүн салмагын өлчөшөт.Күнөөтүйүндөрдүн Укугу Чектелбеген КожоюндарыКудайдын Мыйзамынын сызыгынан чыкпагандай кылып тең салмакка келтириш үчүн, жандарды коомдорго жана үй-бүлөөлөргө жөнөтүшөт.

Чыныгы Рухтук башчылардын Кеңешинин чечими менен, Ажынкул асмандагы жашоонун, кишини өз күнөөлөрүнөн тазалоону улантуучу жайга жөнөтүлдү. Ал жайда Ажынкулга өзүнчө бир бөлмөчө бөлүнүп берилди. Атайын бекитилип берилген окутуучунун жетекчилиги астында, Ажынкул, өзүнүн субстанциясынан төмөнкү термелүүлөрдүн катмарларын ажыратууга киришти.