Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгү

Get Adobe Flash player

Фото-ТТК

Койчуманов Тынчтыкбек Төлөнбаевич
- «Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгүн изилдөөчү борбор» деген коомдук фонддун директири, «Жоготулган ойлор» деген Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгү жөнүндөгү китептин кол жазмасынын автору.

Телевизор

Он биринчи аңгеме

* * *

Айканын кубанычы койнуна сыйбады. Ал бир эле мезгилде кубанып да, үйдө болуп өткөн өзгөрүүлөрдүн үстүнөн ой жүгүртүп да турду.

Кубанганынын себеби, бүгүн Айканын көптөн күткөн тилеги ишке ашты. Анткени Айканын ээри эмгек дем алышы кошулган эмгек акысын үйгө алып келди. Алар башка чыгымдарын убактылуу токтотушуп, кичинекей түстүү телевизор сатып алышты. Эми үйдө бир жумшак эмерек болсо, ошондоАйканын телегейи тегиз болмок. Анда Айка жумшак эмеректин үстүндө ооналактап жатып алып телевизор көрмөк. «Эч нерсе эмес, бул абалдан да башты көтөрүп чыкса болот» деп Айка өзүн өзү тынчытты. Ал кичинекей төшөктү бүктөп жерге салды, үстүнө жаздыкты койду, өзү төшөккө жатып, жуурканды үстүнө жамынды. Айка пултту өзгөчө басып, жаңы телевизорду жандырды. Жаңы буюм Айканы аябай кубандырып турду, ушул себептен Айка жашоонун жана тиричиликтин көйгөйлөрүн дароо унутту.

Айка телевизорду да көрүп жатты жана өзүнүн жашоосуна да ой жүгүрттү. Айкага ой жүгүртүүгө зарылчылык бар болчу. Анткени, Айка өзүнөн жашы бир топ улуу кишиге турмушка чыкканына жакында төрт жыл болот. Булар кашыгы да, төшөгү да, үйү да жок болуп, жашоолорун жоктон башташкан. Ошондон ушул күнгө чейин, бул үй-бүлөө ижарага квартира же үй алып жашап келе жатышат. Булар чогуу жашай баштагандан кийин Айканын ээри жумуштан четтетилген, ушул себептен ал эч жерде иштеген жок.

Айканын ээри аң-сезимдүү тиричиликтин үстүнөн сапаттуу ой жүгүртүшү үчүн, анын чыныгы Руху5 көзгө көрүнгөн дүйнөдө акча табууга алып баруучу жолдорду бууп койгон. Ошондуктан жумушка орношуу үчүн жасаган анын аракеттери оң натыйжа бербеди. Бул үй-бүлөөдө алардын биринчи баласы төрөлгөндө Айканын ээрине жарым жыл иштегенге мүмкүнчүлүк берилди. Чындыгында эле андан кийин Айканын ээри кайрадан эки жылдан ашык убакыт эч жерде иштеген жок. Ал көптөгөн Ыйык китептерди жана эзотерика адабияттарын окуп, үйдө эле отурду. Окулган китептердин үстүнөн жана Жашоонун маңызын түшүнүү үчүн ал ар дайым тынымсыз ой жүгүрттү. Ал өзү түшүнгөндөрдү дептерге жана баракчаларга жазып, кагаз бетине түшүрүп жүрдү.

Айка болсо ооруканада иштөөчү. Боюна бала бүткөндөн кийин Айка жумуштан өз ыктыяры менен бошонуп алды. Айка бала төрөлгөндө берилүүчү жөлөк пул алган жок. Ушул төрт жылдын ичинде Айка абдан өзгөрдү, ал таптакыр башка киши болуп калды. Жакырлык турмуш анын «жасалма рух4»-ун артка чегинүүгө аргасыз кылды. Айканын эзотерикалык китептерди үзбөй окуусу жана окулгандардын үстүнөн ар дайым ой жүгүртүүсү анын «жан13»-ына алга суурулуп чыгууга мүмкүнчүлүк алып берди.

Айканын жашоо-мүнөзү, адаттары, жүргөн-турганы да өзгөрдү. Азыр ал намаз окуп, мантра менен буйрууларды айтып, өзүнүн Чыныгы Рухтук денеси14 жөнүндө кам көрүп калды. Кишинин жаны Жердин жаны менен сөзсүз байланышта болушу зарыл экендигин, Айка эми түшүндү. Жашылча өсүмдүктөрү отургузулган жерден кишинин табигый тамагын алуу үчүн, Айка алгачкы кишилерге окшоп жерди иштетүүнүн өзгөчө жолдорун өздөштүрүнүн аракетин кылып жүрөт.

Аң-сезимдүү тиричиликтин үстүнөн болгон ой жүгүртүүнүн негизинде, Айка төмөнкүдөй корутундуга келди: Кудай кишини жараткан кезде, кишиге табигый сулуулукту берген. Эгерде киши ар дайым өзүнүн Чыныгы Рухтук жана Физикалык денелерине бирдей кам көрүп жүргөн болсо, Жердин жаны менен, денесинде жашоосу бар болуп жаралгандардын жаны менен киши өз жанын дайыма байланышта алып жүрүүгө умтула турган болсо, анда Жараткандын ой-түшүнүгүнө туура келген табигый сулуулук, андай Кишинин денесинде14 сөзсүз болот. Азыр Айка мурдагыдай болуп, өзүнүн жүзүн боёктор менен боёбой калды.

Айканын жасалма рухунун сүймөнчүгү болгон кыска кыркылган чачтан да Айка баш тартты. Анын жаны чачын өстүрүүнү каалады. Өзү окуп чыккан китептерден, кишинин ашказанында эттин майдаланып, бөлүктөргө бөлүнүп чачырашы үчүн кишинин көп жашоо энергиясы сарп кылынаарын, ошондой эле эт кишинин ой жүгүртүү ылдамдыгын төмөндөтөрүн билгенден кийин, Айка эт кошулган тамактарды өтө аз жасай турган болду. Айка эттин ордуна ар кандай чөп өсүмдүктөрүн кошуп, тамакты даамдуу жасаганды үйрөнүп алды.

Жакырчылыкта жашоо, Айканын жаман сөздөрдү сөйлөгөнүн азайтты, андагы кекирейгендикти, өзүмчүлдүктү жана өзүн өзү жакшы көргөндүктү сындырды. Айканын жаны күндөн күнгө жанданып, анын табигый сулуулугу күндөн күнгө ачылууда. Ал ак көңүл, сабырдуу, сүйүктүү, сулуу аялга, шайыр, сүйө билген, эркелете билген энеге айланууда. Айканын тулку бою да көз көрүнө өзгөрдү, анын бою өстү. Бул көзгө көрүнгөн физикалык денесиндеги өзгөрүүдөн кийин, анын кийип жүргөн кийимдери батпай калып, Айкага кошумча түйшүк алып келди. Эми ал мурдагыга караганда бир өлчөмгө чоң кийимдерди кийип калды.

Айканын туугандары болсо, Айканын никесин жана Айкадагы болуп жаткан өзгөрүүлөрдү жактырышпай, Айканы жардамсыз калтырышты.

Айканын жаңы бүлөөсү жардамды ээринин досу Ысманбектен алып турду. Ысманбек жардам бербей калгандан кийин, алар жардамды кайын-журтунан ала баштады. Айканын ээри жумушка орношуп, кайрадан иштей баштаганына бир жыл болду. Айка күндө намаз окуп бүткөндөн кийин ээрине иштеп турганга мүмкүнчүлүк беришин Кудайдан суранат. Ээри иштей баштагандан бери үйдөн тамак үзүлбөй калды, ал турмак Айка жакшы көргөн таттуу тамактар да үйгө келе баштады.

Айканын жүзү телевизорду карап турганы менен, ал ой жүгүрткөнүн токтоткон жок. Телевизорго байланышы бар бардык окуяларды, Айка көз алдынан чубурултуп, биринин артынан бирин өткөрүп жатты.

Акыркы болуп өткөн окуяны, Айка абдан уялып өкүнүү менен эстеди. Айкага ээри жарым жыл мурун айткан эле, биз жаңы жылды телевизор менен тособуз, буга Кудайдын эрки бар деп. Бирок, эмгек акы өзубагында берилбей кечиктирилип бериле турган болду. 30-чу декабрь күнү жаңы жылга карата тамак азыктарды алганга булардын үй-бүлөөсүндө акча жок болуп, кыйналып турушканда, Айка өзү айткандай «төбөсүнөн кетти». Акча жоктугунун себеби жана түзүлгөн жагдай-шарттар Айканы кызыктырбады. Айка өз көңүлүн бүт бойдон телевизорго буруп алган. Жаңыча жыл сүрүү боюнча жаңы жыл кандай ылдамдыкта жакындаса, ошондой ылдамдык менен Айканын телевизорлуу болобуз деген «үмүтү» да алыстай берди.

Түндүн келиши менен, Айканын денесинде төмөнкү термелүү күчөдү. Айканын чекесинде үч кичинекей тырыш пайда болду, анын мурду чуштуюп, көздөрү кичирейди, көнүмүш болуп калган кубанып жылмаюу анын жүзүнөн жоголду. Туугандары жактырбаган кишиге турмушка чыкканына, Айка абдан өкүндү. Күлдүрүүгө аракет кылып жаткан эки жаштагы баласынын аракеттерине, Айка таптакыр көңүл бурбады. Катуу кайгырган абалында, Айка жаман сөздөрдү айтты. Андан кийин Айка көз жашын агызып, Кудайга өз тарынычын айтты:

- Менин курагымдагы башка кыздар намаз окушпайт, алар ичкилик ичишет, кымбат баалуу тамекилерди чегишет, сойкулук менен жашашат, эки жүздүүлүк кылышат. Алардын болсо үйлөрү, жумшак эмеректери, түстүү телевизорлору бар, алар кымбат баалуу кийимдери кийинишет, кымбат баалуу буюмдары алып жүрүшөт, алардын көп акчалары бар. Мен болсо күндө намаз окуйм, буйрууларды айтам, куран окуйм, ичкилик ичпейм, тамеки чекпейм, «секс» тураалуу таптакыр ойлобой калгамын, үйдөн эч жакка чыкпайм. Сен болсо Кудай, мага ак-кара түстө көрсөткөн арзан телевизорду да ыраа көрбөдүң. Мен Сага таарындым. Мындан ары Сенин намазыңды окубаймын!

Катуу таарынган Айка, өзүнө бөлүп төшөк салып, жуурканга чүмкөнүп жатып алды. Ээри менен баласына жүзүн көрсөтпөй, журкандын ичинде кайгырып ыйлаганын улантты…

Арадан эки жума өткөндөн кийин, Кудайдын эрки аткарылды! Эскиче жыл сүрүү боюнча келген жаңы жылды, бул үй-бүлөө кичинекей түстүү телевизор менен тосушту.

Үйгө Айканын ээри менен уулу сыртан киришти. Атасы баласынын бут кийимин чече баштады. Наристе босогодо туруп алып, оң жак бармагын соруп жатты. Бармагын оозунан чыгарбай, наристе «Апа!» деп кыйкырды. Апасынын кубанычтуу чыккан үнүн жана «Оо, жаным менин!» деген көнүмүш болуп калган жообун угуп, наристе Айканы көздөй чуркады. Чуркап бара жатып, бармагын оозунан чыгарбай «Ма-ка!» деди.

- Жаным менин! Мына сенин макаң - деди кубанып турган Айка. Ал чуркап келе жаткан баласын эмчегин чыгарып тосуп алды.

Оозун эмчекке туштап, наристе боюн жаздыкка таштады. Наристенин буттары алдына бүгүлүп, анын денесинин ылдыйкы жарымы көмкөрөсүнөн жаткан денеге окшоп турса, киндигинен өйдө жагы оң капталы менен жаткан денеге окшоп турду. Бала оозунан бармагын чыгарып, шашыла энесинин эмчегин эме баштады. Буралып жаткан наристе, ошол эле учурда, муздап калган сол колу менен, энесинин жылуу эмчегин акырындык менен сылап жатты. Эмчек эмип жаткан наристе үчүн айлан-чөйрөдөгү жашоо таптакыр токтоп калгандай, ал эмчекти абдан ырахатка батып эмип жатат. Баласынын кибиреген колунун кыймылы берген сезимден жана кайталангыс ушул сонун көрүнүштөн Айка ого бетер жыргалга батты. Айка баласын аябай эркелеткиси келди. Ал баласынын кичинекей көздөрүнө сүйүү нуру чачыраган көздөрүн тигилтип, эмчек эмип жаткан баласын эркелете баштады:

- Жаным менин! Сүйкүмдүүм менин! Мен сенсиз жашоону элестете албаймын!

Наристе, эмчекти оозунан чыгарбастан, жооп иретинде жылмайып апасын карап турду. Чын жүрөктөн чыккан наристенин жылмаюсунан, анын жаркылдаган көздөрүнөн мейкиндикке жыргал нурлары чачырап, Айканын  көзгө көрүнгөн жана физикалык көзгө көрүнбөгөн денелерин14(Глоссарийди караңыз) тешип өтүп жатты. Жыргал нурлары жолунда кезиккен Кудайдын кудреттүүэнергиясынын бардык бөлүкчөлөрүн кыймылга келтирди. Кыймылга келген Кудайдын кудреттүү энергиясынын бөлүкчөлөрүбиригишип, сыйкырдуу жыргал нурларынын жаңы агымын түзүштү. Сыйкырдуу жыргал нурлардын агымы эне менен баланын жандардын өзгөрттү, ушул эки кишинин денелерин чеберлик менен ороп алды. Сыйкырдуу жыргал нурлардын бир багыттуу, бир калыптагы кыймылы эне менен балада Сүйүүнүн жаңы сезимдерин козгоду. Жыргалдын жагымдуу таасири астында көздөрү менен баласынын көздөрүнө тигилип карап, сүйүүгө эзилип, Айка кайрадан баласын эркелетти:

- Бутусунан бутусу!

Наристе жооп иретинде бир бутун өйдө көтөрүп,оозун эмчектен чыгарбай, кайрадан жылмайып карап турду. Баласынын көтөрүлгөн бутун Айка назик өптү. Ушундай назик өбүүдөн кийин, жыргал нурлардын жаңы агымы эне менен баланынын денелеринде жогорку термелүүнү пайда кылды, Сүйүү энергиясынын кыймылын күчөттү, өзү жаңы түрткү алды. Жаңы түрткү алган жыргал нурлардын жаңы агымы Кудайдын кудреттүү энергиясынын бөлүкчөлөрүнүн кыймылын тездетип, эне менен баланы өз агымдары менен бекем ороп алганда, эне менен бала убакыттын кыймылын таптакыр сезбей калышты. Эне менен бала үчүн түйшүктүү жашоо токтоп, үйдө экөөнөн башка эч ким жок болду. Ушул сыйкырдуу жыргал нурлардын агымы түзгөн жалындын таасири астында Айка аябай ырахатка батып, баласын башкача эркелетүүгө өттү:

- Бутусунан бутусу! Сен кимдин жаны болосуң?

- Апаны – деп жооп берди наристе, оозун эмчектен көз ирмемге ажыратып. Анан эмчекти шашыла оозуна салып, кийинки суроону күткөндөй болуп, кичинекей көздөрү менен апасынын көздөрүнө тигиле карап турду.

- Дагы кимдин жаны болосуң?

- Атаны – деп жооп берди наристе, мурункудай кыймыл-аракетти тез кайталап.

- Дагы кимдин жаны болосуң?

- Кутяны – деди наристе мышыктын атын айтып.

- Дагы кимдин жаны болосуң?

- Камканы – деди наристе иттин атын айтып.

- Дагы кимдин жаны болосуң?

Наристе башын эмчектен ажыратты да, көздөрү менен энесинин көздөрүнө тигиле карап, кичинекей колдору менен ээгин сылай баштады.

- Аа-а, сен Кудайдын жанына көтөрүлүп барган, сакалы бар Эль Мориянын жаны болосуңбу?

Наристе жооп ордуна жылмайды, кайрадан эмчекти оозуна салып, эмгенин улантты. Чын жүрөктөн чыккан наристенин жылмаюсунан, анын жаркылдаган көздөрүнөн чыккан жыргал нурлардын кубаттуу агымы кайрадан мейкиндикке көтөрүлүп, туш тарапка чачырады.

* * *

Айка ээрин жумушка узатып коюп, өзү үйдү жыйыштырганга киришти. Үйдү жыйыштырып бүткөндөн кийин, Айка красканын челектерине отургузулган гүлдөрдү сугара баштады. Гүлдөрдүн киши көзүнө көрүнбөгөн эмгектерин баалап, Айка гүлдөргө алкышын айтты. Гүлдөрдүн бутактарынан куурап калган жалбырактарды этиеттик менен ажыратты. Гүлдөргө кам көрүп бүткөндөн кийин, Айка телевизорду жандырды. Каналдан каналга которуп, өзүнө керектүү телекөрсөтүүнү издеди. Издеп жаткан телесериалы телевизордон көрүнгөндө, Айка аябай сүйүнүп кетти. Айка өз көңүлүн бүтүндөй телесериалга буруп, ыңгайлуу отуруп телевизор көрө баштады. Кишини өз желесине түшүрүш үчүн, анын жасалма рухуна4 бийликти алып бериш үчүн караңгылыкты тейлеген күчтөргө кишинин ушундай аракети гана керек болот.

Караңгылыктын желесине түшкөн киши, кишинин көзгө көрүнгөн бөлүгүнүн муктаждыктары менен жашап калат, жасалма рухтун күчтөнүшүнө жол берет, жашоого үстүрттөн ой жүгүртүп калат жана бара бара өз алдынчалыгын жоготот.

Жасалма рух Кудайдын жана Космикалык мыйзамдардын талаптарын бузган кишилердин мыйзамдарын жетекчиликке алат, жасалма рухун күчтөндүргөн киши физикалык көзгө көрүнбөгөн кишинин бөлүгү бар болоорун четке кагат. Административдик кызматтагы кишинин жасалма руху кишинин жанын баш ийдирүү үчүн мамлекеттик башкаруу системасында ар кандай тартиптерди, регламенттерди ойлоп табат. Эгерде мамлекеттик органды жасалма руху өз жанын баш ийдирип алган киши жетектесе, анда мамлекеттик органда иштеген кишилердин жандары бузулууга дуушар болушат. Мындай мамлекеттик органда иштеген кишилер Караңгылыкты тейлеген күчтөрдүн биороботуна айланышып, документтерди ойлонушпай аткаргандар болуп калышат.

Маанисиз телесериалдардын зыяндуу таасири менен энергетикалык абалдары ар кандай өзгөрүүлөргө дуушар болуп жатканын Айкага окшоп көп кишилер билишпейт. Киши маанисиз телесериалдарга өз көңүлүн буруп, телевизорду тикчийип карап отурганда, кишинин көзгө көрүнбөгөн денесинде өзгөрүү болот. Телевизор көрүп аткан учурда, кишинин физикалык көзгө көрүнбөгөн бөлүгүндө «Окшош окшошту гана тартат» деген Космикалык мыйзамга ылайык аракеттер жасалат. Телесериалдагы кишилердин ойлору менен сезимдеринен турган энергиялар, телевизор көрүп жаткан кишидеги өзүнө окшош энергиялардын бөлүкчөлөрүн кыймылга келтиришет. Караңгылыкты тейлеген күчтөр кишилердин энергиялары менен азыктанышат. Өздөрүнө туруктуу азыктанууну камсыз кылуу үчүн, Караңгылыкты тейлеген күчтөр кишинин көңүл буруусун өз кызыкчылыгына пайдаланышаарын кишилер билишпейт.

Айканын уктап жаткан баласы телевизордон чыккан үндөрдөн ойгонду. Наристе көздөрүн ачпастан, нараазы болгон үнү менен «Апа» деди. Айка көздөрүн телевизордон албастан: «Оо, менин жаным» деп жооп берди. Наристе болсо, бармагын оозуна салып, бир нече жолу соруп алды да, анан «Ма-ка» деди.

- «Макабы?». Азыр берем «Мака» – деди Айка телевизорду тигиле карап. Анан Айка телевизордон көзүн албай ордунан шашыла турду, баласына келип,баланын жанына жатып, баланын оозуна эмчегин салды. Наристе көздөрүн жумуп эмчек эме баштады, анан бир нерсенин жетишпей жатканын сезип, кичинекей колдору менен адаттагыдай эмчекти назик сылап, кулактарын түрүп, апасынан жооп күттү. Көнүп калган апасынын эркелеткен үнүнүн ордуна, телевизордон жасакерленип сүйлөгөн чоочун кишилердин үндөрүн уккан наристе, таң калып көздөрүн ачты.

Наристе апасынын көнүмүш кыймылын жана сүймөнчүктүү жүзүн көргөн жок, бирок, апасынын башы башка жакты карап турганын көрдү. Апасы адатынча ага карап, аны эркелетет деген ой менен наристе эмчек эмгенин токтотту. Наристе эмчекти оозунда көпкө кармап турду. Анан, эмчекти оозунан чыгарбай, адатынча жылмайып, өзүнөн жыргал нурларын чачыратты. Бирок, наристеден чыккан жыргал нурлар караңгылыктын энергияларынын чоңагымына туш болушуп,катуу өзгөрүштү. Таң калган наристе эмчекти оозунан чыгарып, апасынын жүзүнө тигилип карады. Эки колу менен эмчекти назик сылап, наристе кайрадан жылмайды. Наристеден чыккан жыргал нурлар кайрадан мейкиндикке тарай баштады. Бул жолку чыккан жыргал нурлардын агымы да бүт көңүлүн телевизорго буруп алган эненин абалын өзгөртө албады. Эне баласынын аракеттерине таптакыр көңүл бурган жок.

Анда наристе үнүн эркелете чыгарып «Жаны» деген сөздү айтты. Наристенин бул сөзү караңгылыкты тейлеген энергиянын калың катмарын тешип өттү. Айка телевизордон көз ирмемге көзүн ажыратып, баласына шашыла карады да, анан баласына «О, менин жаным» деп тим эле жооп берди. Айка кайрадан башын буруп, телевизорго тикчие карады. Аябай таң калган наристе кайрадан жылмайып, кичинекей колдору менен ээгин сылады. Наристенин бул аракетине да энеси көңүл бурбады. Бардык көңүлүн телевизорго буруп алган эне, ушул телесериалды ойлоп чыгаргандарга өзүнүн энергиясын берип, алардын көзгө көрүнбөгөн жактарын азыктандырып турду. Өз баласы болсо, азыксыз калды.

Ызаланган наристе «Ай» деген сөздү кайра-кайра айтып, апасын ийинден тарткылады. Наристе ушул сөздө айтканда, аны дайыма сыртка алып чыгышчу. Наристеге бул ыкма да жардам бербеди. Аргасы кеткен наристе, өзүнүн акыркы мүмкүнчүлүгүн пайдаланды. Наристе ыйлай баштады.

Баланын ыйы, Айканы кыска убакытка телевизорду калтырууга мажбурлады. Айка баласын шашыла жыттагылады, өпкүлөдү, эркелетти. Баласы тынчып калганда, Айка баласына өтүнүч менен кайрылды:

- Балакайым менин! Мен «Клон» деген телесериалды көрүп жатам. Бул тересериалды мен эки жыл мурда бир аз көргөн элем, бул телесериал дагы эле жүрүп жатыптыр. Мен көп сериаларын көрбөй калдым. Бул телесериалды бардык кишилердин көргүсү келет, менин да көргүм келип атат.

Энесинин өтүнүчүн наристе кабыл кылбай, аны сыртка алып чыгышын талап кылып тура берди. Анда Айка баласын алдоону туура көрдү. Айка көздөрүн телевизордон албай, баласына кийимдерин алып келишин суранды. Наристе үйдүн ичин кыдырып кийимдерин издеди. Тапкан кийимдерин кезек менен апасына алып келе берди: пальтосун, моюн орогучун, баш кийимин биринин артынан бирин алып келди. Наристенин бардык кийимдери даяр болгондо, Айка аны өтүгүнө жөнөттү. Наристе босого чуркап барып, эки колуна эки өтүгүн кармап, апасын көздөй бир кадам таштады да, анан ордунда кыймылдабай туруп калды. Наристе апасынын «Киши уктоочу бөлмөгө өтүк менен кирбегин» деген катуу талабын эстеди. Анан эмне кылаарын билбей, күлүмсүрөп, «Апа» деп кыйкырды.

Айка баласы жакты карап, баласы өтүктөрүн колуна кармап турганын көрүп, дагы убакыт утуш үчүн, «өтүктөрүңдү алып кел, балакайым» деди. Наристе көз ачып жумганча энесинин жанына жетип келди. Айка наристеге жаңы тапшырма берди. Эми наристе үйдү кыдырып, апасынын кийимдерин издей баштады. Апасын телевизордон алып кетүүнү өтө эңсеген наристе, күчү жетпес ушундай жумушту аткарууга да макул болду. Ал кезек менен апасынын кофтасын, баш кийимин алып келди. Андан кийин күшүлдөп-бышылдап атып, апасынын курткасын сүйрөп келди. Апасы болсо, баласынын аракеттерине көңүл бурбай телевизорду тикчийие карап отура берди.

Апасына катуу жини келген наристе, кухняны көздөп чуркап кетти. Ал кухнядан бир нерсени издеди, бирок, ал издеген буюм кол жеткис жерде болгондуктан, ушул эки жаштагы наристе, столдун үстүнөн кичинекей чай кашыкты алды да, телевизорго чуркап келип, чай кашык менен телевизордун бетин ургулай баштады. Айка коркуп кетти. Айка ордунан ыргып туруп баласын кучактады. Наристенин катуу жини келгендиктен, анын мурдунун учу өйдө көтөрүлүп, кулактары делдейип калыптыр. Айка баласын эркелетти, өпкүлөдү, анан телевизорду өчүрдү.

Кечки тамактан кийин, наристе менен болуп өткөн окуяны Айка ээрине төкпөй-чачпай айтып берди. Ээринен колдоо алууга ниеттенген Айка, баласына болгон наразылыгын билдирип, сөзүн мындайча аяктады:

- Башка балдар ата-энелерине телевизор көргөнгө тоскоолдук кылышпайт. Бул болсо, өзү да көрбөйт, башкаларга да телевизор көрсөтпөйт. Бул бала абдан өзүмчүл болуп калды. Уулуң менен сүйлөшүп койчу!

Мирбектин жүзүндө чочулоонун белгиси пайда болду. Тынчсызданганын жашырганга аракеттенген Мирбек, үнүн акырын чыгарып сүйлөдү:

- Экөөбүз теңөзгөчө балалуу болууну каалаганбыз. Мага караганда, бул сөздү сен көбүрөөк үн чыгарып айткансың, бул сөздү сен бала боюңа бүтө электе айтчуусуң, бала боюңа бүткөндө да кайталап айттып жүрдүң, андан кийин баланы эмизип жүрүп да айтып жүрдүң. Эми анын өзгөчөлүгүн көрүп, сезип билгенден кийин, сен өзүңдүн каалооңду өзгөртмөкчү болдуңбу? Андай болбойт! Баланы антип кыйнай бергенден көрө, караңгылыкты тейлеген күчтөрдүн ойлорун чагылдырган мындай арзан телесериалдары көрүүдөн өзүң түшүнүп-билип баш тартканың туура болот.

Мейкиндикке өзүбүз жөнөткөн биздин ойлорубуз менен сөздөрүбүз иш жүзүнө ашып калганын сен түшүнүшүң керек. Экөөбүз мейкиндикке өзүбүздүн ойлорубуз менен сөздөрүбүздү жөнөтүп жаткан учурда, өзгөчө балага таандык болгон жашоо-мүнөз жөнүндө, анын жүргөн-турганы жөнүндө ойлорду да мейкиндикке жөнөтүү керектигин биз билген эмеспиз жана бул тууралуу биз ойлобоптурбуз. Эми болсо, бул баланын өзгөчөлүгүн сактап калыш үчүн, өзүбүз жараткан балабызга карап, биз өзүбүз өзгөрүп турушубуз керек болот. Эне менен баланы бирдиктүү, көзгө көрүнбөгөн киндик түйүнү туташтырып турат. Ушул себептен энедеги бардык сезимдер, көз ачып жумганчалык убакытта энергетикалык киндик аркылуу балага берилет. Ушундай киндик байланышты сактап калууну же үзүп салууну, эне өзү чечет.

Мурда Айка эмне десе, ээри ошого макул болчу. Бирок, акыркы учурларда бала тууралуу сөз болгондо, ээри Айканы колдобой коё турган болуп калды. Тескерисинче, балага зыяныбызды тийгизбейли деп туруп алат. Үйгө телевизор келгенде, Айка чын эле кубанган болчу, эми элге окшоп, «Клондун» бардык телесериалдарын көрөмүн деген ишеним менен жүргөн эле. Бирок, уулунун бүгүнкү кылык-жоругу, Айканы абдан капалантты. Ошон үчүн Айка ээринин келишин чыдамсыздык менен күтүп, атасы уулу менен сүйлөшүп, Айкага телевизордон «Клонду» көргөнгө мүмкүнчүлүк алып берет дегенүмүтү бар эле. Ээри колдогондун ордуна, кайра телесериалдарды көрүүдөн баш тартышың керек дегенине, Айка катуу капа болду. Айканын жүзүндө: анын чекесинде, мурдунда, көздөрүндө, Мирбекке тааныш белгилер пайда болду. Адегенде баласына, анан ээрине капа болуп таарынган жаш эне, катуу ачууланып:

- Телевизорду көрбөй турган болсок, анда эмнеге алдык көп акча коротуп? Ал акчага мен нан бышырган духовка сатып алат элем го, анан өзүмө түзүгүрөөк кийимдерди сатып алып, мен деле элге окшоп кийинбейт белем? – деди.

- Телекөрсөтүүлөрдү ылгап көрөбүз. Бала жаныбызда турганда, зөкүрчүлүктү, зордук-зомбулукту, сойкулукту, эки жүздүүлүктү жана банги заттарды чегүүнү көрсөткөн көрсөтүүлөрдү көрбөйбүз. Мындай көрсөтүүлөр балдардын денесиндетөмөнкү термелүүнү күчөтөт, балдарды чындыктын жолунан чыгарат…

- Өзүңчө эле олуя боло бербечи! Телевизордон эмне көрсөтсө, кишилер ошону унчукпай эле көрүшөт. Кишилер өз мамлекетинде кабыл алынган нормалар, эрежелер менен гана жашашат. Кишилер энергиялар менен күчтөр тууралуу ойлонушпай эле жашап жүрүшөт. Жаңы доордун талабына ылайык өз маданияттарын, салттарын жана жашоо-мүнөздөрүн өзгөртүү кишилердин ойлоруна үч уктаса да кирбейт. Адамзаттын өнүгүү багытын сен өзгөртө албайсың. Бул Кудайдын иши. Сенден ушуга окшогон келжирек сөздөрдү уга берүү мени абдан тажатты – деди Айка ээринин сөзүн бөлүп. Айка ээрине аябай ызырынып турду.

Мирбек бир азга унчукпай калды, анан сырдуу жылмайып, үнүн жай чыгарып сөзүн улантты:

- 2000-чи жылдын келиши менен, Жердин жана Кишинин денесинде жаңы термелүү башталгандыгы сага белгилүү. Бул термелүү болсо, азыркы кишилердин чыныгы рухтук денесине да, физикалык денесине да катуу таасирин тийгизип жаткандыгы дагы сага белгилүү. Мындай таасирлерге, башкаларга караганда балдар абдан сезимтал болоорун да сен билесиң. Ушул себептен улам, азыр мечиттерге, синагогдорго жана чиркөөлөргө көптөгөн кишилер барып калышты. Алар азырынча мындай жерлерге түшүнбөй-билбей эле барып атышат.

Мечиттердин, синагогдордун жана чиркөөлөрдүн азыркы абалы Кудайга алып баруучу туура жолду кишилерге көрсөтө албастыгын, кишилер убакты-сааты келип жеткенде сөзсүз өздөрү түшүнүп-билишет. Ошондо, жашоонун маңызын түшүнүү үчүн кишилер ой жүгүртө башташат. Ошондо кишилер, алардын маданияттары, салттары жана жашоо-мүнөздөрү «өлгөн иттин көмүлгөн жери» экенин түшүнүп-билишет. Ошондо кишилер, чын Кудайга алып баруучу жалгыз жол тирүү жандуу болуп жаратылгандарды бузуп-талкалабастан, алар менен аралашып жашоо жана аларды таанып-билүү аркылуу өтөөрүн өздөрү түшүнүшөт. Киши өз жанын Жердин жаны менен байланыштырып жашоосу керектигин кишилер өздөрү түшүнүп-билишет.

Ошондо дин өкүлдөрү менен илим кызматкерлери бардык жерде элге жерден тышкаркы билим тууралуу да ачык айта башташат. Дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин мыйзам чыгаруучу органдары Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгү жөнүндө билимге ээ болгон кишилер менен толукталат. Ошондо, мамлекеттик мыйзамдардар кайрадан каралып чыгат, кишилердин мызамдарына Космикалык мыйзамдардын талаптарын эске алган көптөгөн оңдоолор киргизилет.

Айка, сага телесериалдан көргөндөрүңдүн жана уккандарыңдын маңызына ар дайым ой жүгүртүп туруу керек болот. Эгерде телесериалдарды ой жүгүртпөй эле көрө берсең, анда сен өзүңдүн денеңде жайгашкан энергиялардын тең салмагын бузуп аласың. Анан сен акыл-эстүү киши болбой, биоробот болуп каласың. Кишидеги энергиялардын тең салмагынын бузулушу болсо, кишинин башка Кудайга ишенип калуусуна алып келет. Сен бул тууралуу да билесиң.

Бүгүн сенин жаныңа сенин жасалма рухуңдун үстөмдүк кылышына жол бериптирсиң. Азырынча сүйлөшүүбүздү ушул жерден токтото туралы. Айка, жүр эшикке чыгып, жатардын алдында таза абадан дем алып келели – деп Мирбек сөзүн аяктады.

Мирбектин сөздөрүнөн кийин, Айканын көзгө көрүнбөгөн көрүнүшүндө дароо эле өзгөрүү боло койгон жок. Ээринен колдо албагына Айка капаланып да, жинденип да турду. Айка ызырынып:

- Мен чыкпайм! Өзүңөр чыга бергиле- деп кесе жооп берди.

- Үчөөбүж!.. Үчөөбүж!.. Үчөөбүж!- деп отурган апасынын колдорун баласы кичинекей колдору кармалады, жалдыраган көздөрү менен баласы апасынын көздөрүнө тигиле карады. Айка болсо, баласын капалуу көздөрү менен унчукпай карап турду. «Клон» деген телесериалды көрсөтпөй койгону үчүн, баласына болгон тарынычы, Айканын көкүрөгүнөн кетпеди. Тим эле сыпаалык үчүн баласын урушуп койсо эмне болмок деп Айка дагы эле ээрине таарынып турду. Айканын жасалма руху болсо, Айканын оюуна биринин артынан бирин чубурултуп ар кандай ой-түзүлүштөрдү сала берди. Ал ой-түзүлүштөрдүн бири бул: «Эмизип жатканым үчүн эле бул бала мага жабышып турат. Эмчектен чыгарып койгон күнү, бул бала мени унутат. Анда бул бала атасынын жанынан таптакыр чыкпайт, ошондо эркектердин биримдиги мындан да күчтүү болуп калат. Анан булар мени бөлүп салышат. Мени жандарына жолотпос үчүн, бул эркектер ар кандай себептерди ойлоп табышат. Мен болсо, анада жалгыздыкта жашап калам». Терс таасирлүү энергияга тиешелүү ушундай ой-түзүлүштөн кийин Айканын жүрөгү катуу кысылды. Айканын абдан ыйлагысы келди.

Мирбек наристени өзүнө чакырып алып, анын кулагына бир нерселерди шыбырады. Наристе апасына чуркап келип, кичинекей колдору менен апасынын мурдунун учунан кармады. Анан апасын карап күлүп койду.Андан кийин наристе болгон күчүн жумшап,апасынын мурдунун учун өйдө көтөргөнгө аракет кылды. Бул көрүнүштү көргөн Мирбек токтоно албай каткырып күлүп жиберди. Апаңдын мурдунун учу өйдө караса, апаң кайрадан сени эркелете баштайт деген атасынын сөзүнө чын эле ишенип алган баласынын аракети жанаээринин каткырып күлгөнү, Айканы да күлүмсүрөөгө мажбурлады.

Мирбек капаланып турган жаш аялынын жанына басып келип, аялын кучактады, анан эркелеткен көз караш менен аялына карап, аны бетинен өптү. Атасын көрүп, баласы да апасынын башын эки колу менен катуу кучактап, апасынын экинчи бетинен назик өптү. Айкага ушул абалдан алып чыгуучу эки жолдун бирин тандашка туура келди. Айка эркектердин ушул биримдигине кошулууну туура көрдү. Айканын жаны менен жасалма руху, кайрадан орундарын алмашышты. Үйдөн үчөө чогу чыгышты.

* * *

Эрте менен баары ойгонушкандан кийин, Айка ээрине төмөндөгүдөй суроо менен кайрылды:

- Мирбек, кечээ сен мага көргөн телесериалдарыңдын маңызына ой жүгүртүүгө ылайыктуу билим сенде бар деп айттың. Мен жогорку билим ала элек болсом, мен кантип ой жүгүртмөк элем?

- Сендеги бар билим, жогорку билимдүүлөрдө гана эмес, кээ бир окумуштуу даражасы бар кишилерде да жок– деп жооп берди Мирбек, өзүнүн пикирин кайрадан бышыктап.

- Мен кечээтен бери ойлонуп жатам. Бирок, бир суроого таптакыр жооп таба албай койдум. Телесериалды аягына чейин көрбөй туруп, анын маңызына мен кантип түшүнө алам? – деп сурады Айка, таң калганын жашыра албай.

Суроо-жооптордон турган ой жүгүртүүнүн жөнөкөй ыкмасын, Мирбек кайрадан Айкага эстетип коюну туура көрдү. Мирбек Айкага суроо менен карылды:

- Сен жакшы көргөн «Клон» деген телесериалды мисалга келтирели. «Клон» деген сөз эмнени түшүндүрөт, сен мага айтып бере аласыңбы?

- Бул сөз медицинада жаңыча жол менен кишинин төрөлүшү дегенди билдирет. Эркек менен аял бир төшөктө жатышпайт. Баланы бойго бүтүрүш үчүн, догдурлар донордун клеткаларын гана пайдаланышат. Өз терисинин клеткасын берген кишини донор дешет. Донор болгон эркек менен аял бирин бири таанышпайт да, бирин бири көрүшпөйт. Лабораторияда клетканын түзүлүшүн өзгөртүү максатында атайын иш жүргүзүлгөндөн кийин, ал клетка аялдын жатынына салынат. Аялдан ушундайча жол менен төрөлгөн баланы «Клон» деп айтышат – деп жооп берди Айка.

- Сен болсо, «Клон» деген сөз «жаңыча жол менен кишинин төрөлүшү» дегенди түшүндүрөт дедиң. Демек, клондоштурулган жол менен төрөлгөн кишилер, кишини жарыктан жараткан Кудайдын ой-түшүнүгүн бузган жол менен жарыкка келишкен аз сандагы кишилер экенин сен билесиң. Инкубатордун жөжөлөрүнө окшоп, «клон»-дор да караңгылыкты тейлеген энергетикалык жандуу нерселердин жардамына дайыма муктаж болушат.

«Клон» кишилер караңгылыкты тейлеген энергетикалык жандуу нерсенин ой жүгүртүү процессинин натыйжасы болушарын да сен билесиң. «Клон» кишилер табигый жол менен төрөлгөн кишилерге караганда чоң кыйшаюсу бар болуп төрөлүшөт. Алар жарыкка келишкенде, аларда Жараткандын ой-түшүнүгү жана кишинин денеси14 жөнүндө маалыматтар3 жок болот. «Клондун» сезимдери менен туюп-билүүлөрү табигый жол менен төрөлгөн кишинин сезимдери менен туюп-билүүлөрүнөн чоң айырмаланат. «Клон» бузуп жашоого өтө жөндөмдүү болуп төрөлөт, ушул себептен жекече кызыкчылыктарына пайдаланыш үчүн, «клондордун» денесин караңгылыкты тейлеген күчтөр оңой эле ээлеп алышат.

Ушундай терс жактарына карабастан, «клон» кишиде да дайыма өзүнүн башааты тууралуу так маалымат бар болот. Ал маалыматтан киши жарыктан жаралгандыгын, ар бир кишиде тиричиликти жараткан Кудайдын бир бөлүкчөсүжашаарын «клон» киши биле алат. Ар бир кишиде эки дене: көзгө көрүнгөн дене жана физикалык көзгө көрүнбөгөн дене болорун «клон» киши ички булактан алса болот. Бул эки дене киши барган-турган жерде ар дайым чогуу жүрүшөт. Донор болушкан ата-энелери берген клеткалардан «клон» кишинин денеси түзүлгөн, ушул себептен «клон» киши да ички булактан киши кудайга окшош деген маалыматты ала алат.

Бузуп жашоого өтө жөндөмдүү болуп төрөлүшкөн кишилер Жерде көбөйүп кетишкенде, Жер бетинен адамзаттын айрым өнүгүштөрү жоголуп кеткени ыйык Китептерден белгилүү. «Клон» кишилер жасалма урукташтыруу ыкмасынын натыйжасында жарыкка келишкендиктен, Жараткандын ой-түшүнүктөрү жөнүндө маалыматтарды албагандыктан, караңгылыкка тиешелүү ойлор менен сезимдер аларда үстөмдүк кылышкан. Ушул себептен алар мейкиндикке жаман энергияларды жөнөтүшкөн. Жоголгон адамзаттын өнүгүштөрү өздөрүнүн жаман каалоолорунун, ойлорунун жана сезимдеринин курмандыктары болушкан. Ал эми ойлор жана сезимдер энергия болушары адамзатка белгилүү. Энергия эч качан өлбөйт жана жоголбойт, энергиянын көрүнүшү гана өзгөрүлөт, энергиянын абалы башка абалга алмашылат.

Өз күнөөтүйүндөрүн чечүү үчүн, клондоштурууну өнүктүрүү же жакшыртуу процесстерине катышкан кишилердин жандары күнөөтүйүндөр жөнүндөгү Космикалык Мыйзамга ылайык, Жерге бир нече жолу «клон» киши болуп келишкендиги жөнүндө маалыматтар ойлор мейкиндигинде бар. Жоголгон адамзаттын өнүгүштөрү жөнүндө маалыматтар да бар. Кудайдын эрки болуп, андан кийин Жерде адамзаттын жаңы өнүгүшү башталган.

Эгерде ушул телесериалды ойлоп-чыккандарга өздөрүнүн жашоо энергияларын дайыма берип тура турган кишилер табыла берсе, анда ушул телесериалдын аталышына терең ой жүгүртүүнүн негизинде, бул телесериалды азыркы адамзаттын өнүгүп-өсүшү токтогонго чейин уланта берсе болот.

Айка, эми «Бул телесериалда эмнелер көрсөтүлөт?» деген суроого өзүң жооп бергенге аракет кылып көрчү.

- Бул телесериалда болсо, негизинен кооз кийимдерди кийишкен кишилердин жыргал жашоолору жана алардын жашоо-мүнөздөрү көрсөтүлөт. Кишилердин жашоосунда орун алган өз ара сүйүүлөр; кишилердин эки жүздүүлүктөрү, банги затка азгыруулары, ар кандай көңүл ачуулары жана үй-бүлөөдөгү жаңжалдар, кишилердин уруш-талаштары, улуту башка, дини башка кишилердин аралашкан жашоолору көрсөтүлөт.

- Айка, Жаратканды таанып-билүүгө багытталган кишилердин умтулуулары жөнүндө, сен эс нерсе айткан жоксуң. Кишинин жаны менен Жердин жанынын өз ара байланышы тууралуу да сен эч нерсе айтпадың. Сен айтып өткөн кишилердин кичинекей тобуна кооз кийимдерди кийиниш үчүн, банги заттарды чегип, бузукулук иштерди кылыш үчүн, үй-бүлөөдө жаңжал салып жашаш үчүн аларга ким шарт түзүп берип жатат? Аларга шарт түзүп берип жаткан карапайым кишилердин эмгеги жана жашоо-шарттары жөнүндө да эч нерсе айткан жоксуң. Адамзаттын жашоосундагы мындай кишилердин оор жашоолорун камтыган көрүнүштөр телесериалда атайын көрсөтүлбөйт. Себеби, маалымат жок болсо, анда караңгылыкты тейлеген энергетикалык жандуу нерселер оккультук таасирди колдонушуп кишилердин массалык аң-сезимин жеңил башкарышат, кишилердин акылын терс жолго оңой буруп турушат.

Ушуга окшогон телесериалдар кишини жасалмаланган жашоого азгырып турат, кишиге бурмаланган сезимдерди таңуулайт, кишиге Жашоонун маңызына өз алдынча ой жүгүртүүгө тоскоолдук кылат. «Кудайдын алдында бардык кишилер бирдей» деген Кудайдын осуятын бузушат, «Күндүн жарыгы бардыгына тегиз тиет» деген Космикалык мыйзамдагы сөздөр телесериалда көп жолу айтылганы менен мындай телесериалдардагы кишилердин жашоосу Космикалык мыйзамга каршы келет.

Айка, эстеп көрчү, бул телесериалда кишилердин кандай жашоо-дүйнөсү көрсөтүлөт: жасалма жашоо-дүйнөсүбү же табигый жашоо-дүйнөсүбү? Бул телесериалда кандай ой басымдуулук кылат: жамандыкка таандык ойбу же жакшылыкка таандык ойбу?

- Бул телесериалда кишилердин жасалма жашоо-дүйнөсү көрсөтүлөт. Анткени, телесериалдагы кишилерди ар дайым жансыз буюмдар гана куурчап турганын көрөсүң, телесериалда кишилердин үй ичиндеги жашоолору гана көрсөтүлөт. Тирүү жандуу болуп жасалгандар менен кишилердин аралашып жашашы, алар менен болгон табигый байланыштары да телесериалда көрсөтүлбөйт десе болот. Кишилердин ушундай жасалма жашоо-дүйнөсүндө кишинин аң-сезиминин тарышына түрткү болгон ойлор басымдуулук кылат. Демек, мындай ойлор, жамандыкка таандык ойлор экенинде шек жок – деди Айка. Айканын ой жүгүртүүсүн Мирбек улантты:

- Бул телесериалды ойлоп-чыккандар, кишинин тиричиликти жараткан Кудайды түшүнүшүн жана Аны сезе билишин каалашпайт. Эгерде киши тирүү жандуу жасалгандар менен мамиле түзсө, анда киши тиричиликти жараткан Кудай менен да мамиле түзүүгө жөндөмдүү болмок. Бул тууралуу телесериалды ойлоп-чыккан энергетикалык жандуу нерсе жакшы түшүнөт, ушул себептен энергетикалык жандуу нерсе кишилердин ойлорун Жараткандын ой-түшүнүгүн бузууга багыттап койгон.

Эгерде табигый жол менен төрөлгөн кишилер дайыма «клондор» менен, жансыз жасалгандар менен чогуу аралышып жашашса, анда акырындап жүрүп табигый жол менен төрөлгөн кишилердин денесиндеги энергиялардын абалдары да жаман жагына карай бузулат. Мындай өзгөрүү, кишинин аң-сезимин тарытууга, өзүн жараткан Кудайды башка Кудайга алмаштыруусуна алып келет.

Ушундай терс өзгөрүүлөр, телесериалды көрүп аткан кишилердин денесинде да болуп өтөт. Анткени, телесериалдагы кишилерден чыккан караңгылыкты тейлеген энергиялар, телесериалды көрүп жаткан кишинин денесиндеги өзүнө окшош энергия бөлүкчөлөрүн кыймылга келтиришет. Кыймылга келген караңгылыктын энергияларынын аракети менен кишилердеги жасалма рух бийликке келет, кишилердеги жан караңгылыктын туткуну болуп калат, анан киши жалган Кудайды даңазалаганга өтөт. Адамзатка «клон» жөнүндө ойду тараткан энергетикалык жандуу нерсе кишиде ушундай терс өзгөрүүлөр болорун жакшы билет. Сенде чыныгы билимдин бар экенине, Айка, сен эми ишендиңби?

Айка толкунданганын жашырыш үчүн ичин карай созуп, терең дем алды. Айканын жүзүнөн кубануунун жалыны жаркылдап турду.

* * *

Мирбек жумуштан үйгө келип, Айканын төшөктө жатканын көрдү. Айканын көздөрүнүн асты шишип калганын Мирбек баамдады. Мирбек аялынын кол тамырларын кармап, кандын согушун уга баштады. Жүрөктүн кагуусу жана денедеги термелүүлөр, Айканын денесиндеги энергетикалык абалдын бузулгандыгы жөнүндөгү ой-түзүлүштү берди. Андан кийин Мирбек алакандарын аялынын чекесине, чыкыйларына коюп, анын көздөрүнө тигиле карады. Айканын денесинде жогорку температура жок болгону менен, анын карегинен чыккан алсыз нур, Мирбек алган ой-түзүлүштүн тууралыгын далилдеди. Мирбек, сырдуу жылмайып, тим эле сыпаалык үчүн сурады:

- Сага эмне болду?

Айка суроого дароо жооп берген жок. Айка күлүмсүрөп, акырындап төшөктөн туруп, белин түздөдү, анан буттарын өзүнө карай бүгүп, арты менен дубалга жөлөнүп отурду. Отурган калыбын бузбай, Айка өзү менен болуп өткөн окуяны айтып берди:

- Жакшы эле жүргөмүн. Кокусунан өзүмдү жаман сезе баштадым. Буттарым какшап, сөгүмдүн муздаганы кадимкидей сезилип турду. Колдорумдун, чыканактан ылдый жагында, таң калаарлык көрүнүш болду. Терилерим өзүнөн өзү булкунуп, колдорумду бирөө бурап жатканга окшогон туюп – сезүүлөр болду. Анан ушундай туюп-сезүүлөр аркамда, омурткаларымдын кээ бир жерлеринде да болуп өттү. Андан кийин денем катуу чыйрыга баштады. Кулактарым шуулдап, зыңылдады. Мени үстүмдөн көзгө көрүнбөгөн оор жүк басып тургандай болду. Менин күчтөрүм бир жакка кетип жаткандай болуп сезилди. Мен катуу алсырап, төшөктөн тура албай калдым.

Менин ушундай абалым көпкө чейин созулду. Мен катуу кыйналдым, мен өлүп каламын го деп ойлодум. Байкуш балам! Буга убал эле болду. Бул чындыгында эле өзгөчө бала. Менин оруп, кыйналып турганымды түшүндү. Эмчек эмиз же сыртка алып чык деп мени таптакыр кыйнаган жок. Өз алдынча болуп, өзү менен өзү эле ойноп атты. Өзүнүн курсагын өзү эптеп тойгузуп жүрдү, мага да нандын сыныгынан алып келип берди. Сен келээрден, үч саат мурун, байкуш балам аябай суранган үн менен сыртка алып чыгышымды өтүндү. Эптеп күч таап ордуман турдум. Себеби, өзүм көчөтүн отургузган алчаны аябай кармагым келди. Биз сыртка чыктык. Биздин балабыз болсо, калакты кошо ала чыгып, каарды күрөп ойной баштады. Мен алчаны көздөп бастым. Алчага араң зорго жетип,алчаны сөңгөгүнөн кармадым, ага башымды жөлөп, беш мүнөтчө турдум. Көзгө көрүнбөгөн энергиялардын ары-бери өтүп жатканын алаканым менен кадимкидей сезип турдум. Мага күч да, денемдин жеңилденүүсү да акырындап кайрылып келе баштады. Мен өзүмдү жакшы сезип калгандан кийин, алчага чын жүрөгүмдөн чыккан алкышымды айттым. Анан, өзүн алгачкы кишилерден болом деп жарыялаган Анастасиянын төмөнкүдөй айткандарын эстедим: Кишилер жаңы буюмдарды сатып алышат. Ал жаңы буюмдар а дегенде, кишилерди кубандырат, бирок, кийинчерчек буюмдарга көздөрү көнүп калгандан кийин, ал буюмдар кишилерди таптакыр кубандырбай калат. Кишилерге ар дайым кубанычты берип тура турган нерсе, бул кишилер өз колдору менен отургузган бактары бар үй гана болуп саналат. Анастасиянын ушул айткандары чындык экенине, бүгүн мен өзүм ишендим…

Айка,даракка колун тийгизгенге чейинки жана андан кийинки болгон абалын дагы бир жолу эстөө үчүн, сүйлөгөнүн токтотту. Мирбек болсо, ушул убакыттын ичинде, ушул алча менен болуп өткөн окуяларды көз алдынан өткөргөнгө үлгүрдү. Алар ушул үйдү ижарага алып, жаңыдан көчүп келген жылы, жазгы күндөрдүн биринде, Айка алмуруттун астында өсүп аткан кичинекей көчөттү Мирбекке көрсөттү. Көчөттүн сөңгөгү ичке, көрүнүшү болсо созулган эшме зымга окшош экен. Абдан таң калган Айка Мирбектен сурады:

- Бул түрү суук эмне?

Мирбек көчөткө басып келип, аны бардык жагынан көңүл буруп карап чыкты. Андан кийин кичинекей көчөттүн эмне себептен түрү суук болуп калганы жөнүндө мындайча айтып берди:

- Эмненин көчөтү экенин билбейм, бирок бул көчөт ушул алмуруттун астынан өнүп чыгыптыр. Жашоосунун алгачкы жылдарында, бул көчөттүн өсүшүнө эч кандай тоскоолдук болгон эмес. Кийинчерек бул көчөт күндүн нурун көрө албай, кыйынчылыкка дуушар болуптур. Күндүн нурун көрүш үчүн, бул көчөт сөңгөгүнүн учун чыгышты көздөп буруптур, бирок, карып калган алмурут күндү көрүүгө тоскоолдук кылган. Анда бул көчөт түштүктү көздөп бурулган экен, бирок карып калган гилас бул алчага күндү көрсөтпөй коюптур. Жок дегенде, күндүн батканын көрүп калыш үчүн бул көчөт дагы бурулуп, батыш жакты көздөп багыт алат. Бул көчөттү батыш тараптан үй тосуп, күндүн нурун көрсөтпөптүр. Анда бул көчөт болсо, алмуруттун бутактарынан кыйшайып өтүп, асманды көздөй умтула баштаптыр. Жашоо үчүн тынбай кармашып жүрүп, бул көчөт ушундай түрү суук болуп калыптыр –деди Мирбек, көчөттү изилдегенин аяктап.

Айканын кичинекей көчөткө боору ооруп, бул көчөттү башка жакка которуп отургузуу тууралуу ээрине сунуш киргизди. Күн жылып калганына жана көчөттөрдү которуп отургузуу убактысы өтүп кеткендигине карабастан, алар көчөттү ордунан которушту. Алар жашоо үчүн катуу кармашып келе жаткан көчөттүн жашоого болгон умтулуусуна үмүт кылышты. Көчөттү башка жерге отургузуп жаткан учурда, мен ушул жашоомдо биринчи жолу дарак отургузуп жатам деп Айка кубанычтуу үнү менен айтты. Күзүндө бул көчөттүн сөңгөгү түзөлүп, түптүз, супсулуу дарак болуп калды. Кийинки жылы бул көчөт гүлдөдү, күзүндө, мөндүр жаап өткөндөн кийин, бутагында үч гана мөмөсү калды. Бышкан мөмөсүнөн, бул көчөт сары алча экени билинди. Көчөттү которуу жөнүндөгү ой Айкага таандык болгондуктан, алчанын бышкан үч мөмөсүн Айка жеди…

Айка бир бутун сунуп, экинчи бүгүлүп турган бутунун тизесине ээгин такап, токтоп калган сөзүн, катуу ойго чөмүлгөн абалында, кайрадан улантты:

- Акыркы кезде мен телевизорду аз көрө турган болуп калдым. Кээ бир күндөрү, күндүзү таптакыр телевизор көрбөйм. Азыр телекөрсөтүүлөрдүн мазмуну таптакыр өзгөрүп калган турбайбы. Азыр кишиде коркуу сезимин, жек көрүүчүлүктү, эки жүздүүлүктү жана бурмаланган сүйүү сезимдерди күчөтө турган энергиялары бар телекөрсөтүүлөрдү көп көрсөтүп калыптыр. Телевизорду кайсы убакта койбогун, жалаң гана киши өлтүрүүлөрдү, бузукулук менен музыка коштогон жаңжалдарды, банги затка мас болгон же рекламадан өзүн өзүн ыраазы кылып көрсөтүшкөн кишилердин жасалма жүздөрүн гана көрөсүң. Телекөрсөтүүлөрдү да жөн көрсөтүшпөйт. Реклама берип телекөрсөтүүнү кайра-кайра бузушканда, кишинин ой жүгүртүү процесси бузулуп, кишинин кыжырын келтирет. Рекламалар, ар он минут сайын телекөрсөтүүнү бузуп турушат. Телекөрсөтүүлөрдүн үстүнөн кандайдыр бир күч бийлеп тургандай сезилет. Бул күч болсо, сезими жок роботко окшоп, жаны жок нерселердей болуп, берилип жаткан көрсөтүүлөрдү унчукпай көргүлө деп кишилерге өзүнүн эркин таңуулагансыйт. Ушундай талапка көнгүсү келбеген кишини телевизору жок жашоо күтөт, же болбосо рекламалык бузууларга кайра-кайра кыжырдана берүүнүн натыйжасында, андай киши акырындык менен нерв ооруларына чалдыгат.

Биздин балдарыбыздын келечеги тууралуу ойлогонумда, менин жүрөгүм кысылып, аябай ооруй турган болду. Себеби, телевизордон көрсөткөндөрдү, балдар чындык катары кабыл алып жатышпайбы. Рекламалардан жүздөрүнө жасалма кубанууну пайда кылып көрсөтүшкөн кишилердин айткандарын, балдар чын көрүшүп, ишенип жатышпайбы. Биздин балдарыбыздын келечеги кандай болот болду экен? – деп Айка татаал суроо менен Мирбекке кайрылды.

Мирбек сырдуу жылмайды. Анткени, аялынын энергетикалык абалынын бузулушуна алып келген себепти, ал эми толук билди. Айканын суроосу бир эле Мирбекке эмес, бардык адамзатына берилген суроо болчу. Ушул себептен улам, бул тынчы кетип турган жаш эненин татаал суроосуна, адамзаты өзү жооп бергенге мүмкүндүк берейин деген ниет менен Мирбек унчукпады. Айканын тынчсызданган ойлору менен анын айткан сөздөрү, акыл-эси бар жандуу нерселердин көңүл бурууларын издеп мейкиндиктин түпкүрүн көздөй ыкчам жөнөп кетишти.